"Дүйнө сулуусу-2017" сынагында индиялык бийкеч атаандаштарынан алдыга чыгып, таажы тагынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, "Дүйнө сулуусу-2017" наамынын ээси Мануши Чхиллар аттуу бийкеч 20 жашта.
Дүйнөнүн 118 өлкөсүнөн кыздар катышкан сынак бир ай бою Кытайдын Санья шаарында өттү. Көп сулуунун ичинен калыстар тобу Манушини тандап алышып, сынактын 2016-жылкы жеңүүчүсү пуэрто-риколук Стефани Дел Валье өзүнүн таажысын өткөрүп берди.
Сынакта экинчи орунду мексикалык Андреа Мезу ээлесе, үчүнчү орунду британиялык Стефани Хилл алган.
Ал эми алдынкы ондукка Индонезия, Орусия, Түштүк Корея, Ямайка, Кения жана Франция өлкөлөрүнүн сулуулары киришкен.
Мануши Чхиллар Индиядагы медициналык окуу жайлардын биринде кардиохирург адистигинде билим алат. Ал келечекте элет жергесине көптөгөн бейтапканаларды ачууну кыялданат, таза абада спорт менен машыкканды жактырат.
Эскерте кетсек, бул сынакка Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында жеңишке жеткен Бегимай Карыбекова катышмак, бирок виза маселесинен улам Кытайга бара алган эмес.