ЖЫЛНААМА, 20-НОЯБРЬ: Машыгууну 5 жашынан баштаган спортчу Антонина Шевченко 33 жашка чыкты

Бала кезинен тартып спорт менен машыгып, бул жаатта көптөгөн ийгиликтерди багынткан, белгилүү спортчу Антонина Шевченко бүгүн, 20-ноябрда 33 жашка чыкты.

Шевченко Антонина Анатольевна 1984-жылы спортчулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 5 жашынан баштап сиңдиси менен биргеликте спорттун таэквондо түрү менен машыга баштайт. Ошол күндөн тартып азыркы күнгө чейин Павел Федотов Антонинанын башкы машыктыруучусу жана жакын досу.

Шевченко кичине кезинен тартып эле шамдагай, ар бир кадамын ойлонуп жасаган кыз болгонун машыктыруучусу маалымат каражаттарына берген маегинде айткан. Спорттон тышкары Антонина мыкты бийлейт, кино жана фотосъёмкаларга катышканды жакшы көрөт.

2009-жылы Антонинага, анын сиңдиси Валентинага жана машыктыруучусу Федотовго Перу өлкөсүндө жашап, машыгып ал өлкөнүн атынан муай-тай (тай боксу) боюнча ар кандай мелдештерге чыгуу боюнча сунуш түшөт. Сунушту кабыл алган спортчулар жана машыктыруучу Перу өлкөсүнө көчүп кетишкен.

Антонина Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, уруш өнөрүнүн ар кандай түрлөрү боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону.

Уруш өнөрлөрүнөн сырткары Шевченко тапанча менен таамай атуу боюнча да өзүн сынап келет. Ал 2008-жылдан бери тапанча менен атуу боюнча мелдештерге катышып турат.

20-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан