2017-жылдын III чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

"Кумтөр голд компани”. 2017-жылдын III чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана "Кумтөр Голд Компани" (КГК) 2017-жылдын III чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Тогуз айда “Кумтөрдө” 404 584 унция1 же 12 583,98 килограмм алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 6,8 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

ӨНДҮРҮШ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

2017-жылдын үчүнчү чейрегинде "Кумтөрдө" 138 561 унция алтын өндүрүлгөн, ал эми 2016-жылдын ушул эле мезгилинде өндүрүүнүн көлөмү 166 030 унцияны түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү чейрегинде 99 514 унция же 3,1 тонна алтын сатып өткөрүлдү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 124,3 млн долларды түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КРнын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

КР БЮДЖЕТИНЕ ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ КОТОРУУЛАР

2017-жылы III чейрегиндеги КР бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2 миллиард сомдон ашты.

“КУМТӨР” ДОЛБООРУ БОЮНЧА 2017-Ж. ТОГУЗ АЙЫНДАГЫ САЛЫКТАР ЖАНА МИЛДЕТТҮҮ ТӨЛӨМДӨР


Эскертүү:
2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат. Тегеректөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн.

Комментарий

“Центерра Голд” компаниясынын Башкы кызмат адамы Скотт Пери мындай деп белгиледи: “Үчүнчү кварталда биз компаниянын бардык бөлүмдөрүндө ар бир кызматкерди камтуу менен “Work Safe, Home Safe” аталышындагы программаны киргизүүнү аяктадык. Жылдын аягына чейин биз «Центерранын» ар бир кызматкерлери тиешелүү окутуудан өтүшү үчүн бардык өндүрүштүк аянтчаларыбызда бул программаны киргизүүнү улантмакчыбыз.

Өткөн чейрек олуттуу окуя – Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен «Кумтөр» долбооруна тиешелүү бардык талаш маселелерди жалпы жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишүү менен коштолду. Бул макулдашуу менен «Кумтөрдүн» кызматкерлеринин жүрүү эркиндигине, ошондой эле «Кумтөрдүн» «Центеррага» каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгүнө бардык чектөөлөрдү алып салуу каралат. Бул макулдашуу иштиктүү ишеним маанайын түзөт жана «Кумтөр» долбоорунун алкагында болочок тоо-кен иштерин ишенимдүү пландоого мүмкүндүк берет. Андан тышкары бул макулдашуу менен «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкактарында «Центерра» менен «Кумтөрдүн» бардык укуктары тастыкталат".

Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2017-жылдын 30-сентябрына чейин "Кумтөрдө" жалпысынан 11,389 млн унция же 354,257 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

Centerra Gold Inc. («Центерра») Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерра» Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2017-жылдын 16-ноябрга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 454 миллион доллардан ашты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dysha
2017-11-22 00:32:36
тушкон акчага башында ишканаларды куруп алсак азыр экономикабыз жыргатмак, бирок анда деле алтын экспорттун 51% чапчыйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан