Айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүндө “АХТС-Уралец” ишканасынын техникалары керектөөчүлөрдүн купулуна толду

Бишкек шаарында айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өттү. Иш-чара Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына карата уюштурулган.

Көргөзмөгө өлкө аймагындагы дыйкандарды айыл чарба техникасы менен камсыздаган “АХТС-Уралец” ишканасы да катышты. 17-ноябрь күнү өткөн иш-чарада аталган ишкананын Орусия менен Кытайдан алып келген онго жакын техникалары коюлду. Көргөзмөгө келгендердин көңүлүн “Уралец” кичи тракторлору, кошумча шаймандары жана “Нива”, “Lovol” комбайндары бурду.

Өлкөнүн айыл чарба жаатындагы алдынкы компанияларынын бири болгон “АХТС-Уралец” ишканасынын “Уралец” кичи тракторлору жана анын кошумча шаймандары жылдын төрт мезгилинде ишке жарайт. Мындай артыкчылык дыйкандын ишенимдүү жардамчысы экендигинен кабар берет. Аталган трактордо жер айдаган, малалаган, эгин сепкен, чөп чапкан, эгин жыйнаган, кышкысын кар күрөгөн, отун жарган атайын шаймандары бар.

“АХТС-Уралец” компаниясы - айыл чарба секторунда 6 жылдан бери эмгектенип келет. Техникалардын кымбат эмес баасы, сапаты, ыңгайлуулугу, насыяга берилген шарттары жана үнөмдүүлүгү менен аталган ишкана керектөөчүлөрдүн купулуна толгон.

Айта кетсек, 2017-жылы “АХТС-Уралец” компаниясы Орусиядан кичи тракторлордун бардык тетиктерин алып келип, Кара-Балта шаарындагы заводдо тракторлорду кураштыруу менен алектенет.

Өзүнүн кооперативине комбайн сатып алууну максат кылып келген Жумгал районундагы Эпкин айылынын тургуну Жамиля Тойчубекова айыл чарбага ылайык трактор жана комбайндарды көрүп ыраазы болгонун айтты.

Мен кооперативдин жетекчиси катары 24 жылдан бери иштеп келе жатам. Биз комбайн сатып алалы деп пландаштырып жатканбыз, Кытайдын “Lovol” комбайнын же болбосо Орусиянын “Нива” комбайнын сатып алсак деген ниет бар. Өзүм техникага кызыгам, биздин чарбада техникалар бар, бирок кийинки мезгилдерде аларды жаңыртып, дыйкандарга жакшыраак кызмат көрсөтсөк деп жатабыз. “АХТС-Уралец” компаниясынын насыяга берүү сунушу абдан ыңгайлуу болгондуктан биз комбайндын 50 пайызын төлөп, калганын насыяга сатып алабыз”, - дейт Жамиля Тойчубекова.

“АХТС-Уралец” компаниясынын дареги: Бишкек шаары, Лебединовка айылы.

Байланыш телефону: 0 (778) 555 191

Ош шаарында ХБК районундагы Разаков көчөсүнүн №4-дарегинде жайгашкан.

Ош облусундагы керектөөчүлөр 0 (777) 605 521 номери аркылуу байланышса болот.

Толугураак маалымат алуу үчүн www.minitractor.kg сайтына кириңиз.

Электрондук байланыш. uralec-kg@mail.ru, @agrotrade.baza


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
taalay89
2017-11-20 18:01:07
Жүгөрү жыйнаган комбайн бар бекен
+1
Kyrgy
2017-11-21 13:44:01
taalay89,Нива, Фотон ловолдегендери жыйнайт
0
Isco23
2017-11-21 09:55:25
Кечкеле купулуна толо береби не. Бир жле жолу жазгыла да новости таппай кайра кайра жаза бербей
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан