Күмөндөр Абылов "Кыргыз Республикасынын Эл артисти", Кайрат Примбердиев "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы менен сыйланды (Сыйлык алгандардын тизмеси)

Куудул Күмөндөр Абылов "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-ноябрда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдалды. Маалыматта жазылгандай, куудулдан башка бир катар маданият өкүлдөрүнө да ардактуу наамдар берилет.

"Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду", - деп жазылат маалыматта.

«Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам:

Абылов Күмөндөр Мукулович - «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

Асаналиев Эрнис Умбарович - Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы «Манас» Президенттик камералык оркестри» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары – көркөм жетекчиси;

Матиев Сайидрахман Сарбаевич - Ош облустук Р. Абдыкадыров атындагы филармониянын Б.Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру;

Шаршенбаев Элис - Бишкек шаарынын мэриясынын үйлөмө аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру;

«Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» деген ардактуу наам:

Байтереков Адылбек Эсенкулович - сүрөтчү-живописчи, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам:

Айдарова Асель Каныбековна - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балетинин солисти;

Асанкадыр Советжан - «Айкөл» ансамблинин көркөм жетекчиси;

Мусуралиев Асанбек Даирбекович - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артистине;

Примбердиев Кайратбек Тыныбекович - эстрада ырчысы;

Саралаев Айбек Бозалаевич - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисти;

Суранчиева Гүлзинат Карыбековна - ырчы;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
Asman...
2017-11-20 16:00:48
Самарага бергенде Кайратка бербейсинерби деп олдунор эле. Эми Кайрат алса жаш дейсинер ой тообо. Кайрат байке татыктуу наамга!!! Кут болсун.
+6
kypchak-balasy
2017-11-20 16:44:24
Колунардан келсе силер дагы алдыгыла
0
madrid7000
2017-11-20 18:08:26
Баары СДПКныкы шайлоодо чуркагандарын эл билет.Экрандан кайра кайра менин тандоом Сооронбай деп.
+1
Abdusamat.kg
2017-11-20 18:20:21
Кайрат убагында Атамбаевдин ырын ырдап жүргөн да
+1
evra_kg
2017-11-20 18:42:03
Мен болгондо ушуларга бирден жакшына гулдон эле бермекмин кумондордон башкасына конечно
+1
nurhan2702
2017-11-20 18:48:48
Гулзинат Суранчиевага эмне жок дейм да, бир ырды ырдаса 5-6жыл ошол ырын аткара берет. К. Абылов татыктуу десек болот
+3
bek-94
2017-11-20 19:44:45
только сокечилерге берилиптирда
+1
Nazaralikarakulja
2017-11-20 19:52:50
Борончу Рахман да алмак Соке ни колдоп чыкканда
+3
Tyty1990
2017-11-20 20:28:02
Менин кашка коюм эле калыптыр наам албаган.
+1
orxidey
2017-11-20 20:36:24
Баарынардын сыйлыгынар кут болсун .
0
Rasul94
2017-11-20 21:15:27
мен кайратты ырчы деп айтканга ооз барбайт.каалашынарча минус баскыла
-2
Aipusya_t
2017-11-20 21:54:25
Тооба Гулзина Суранчиевага эмне учун маданият министиринин козун май басканго башкаларды корбой кыскасы уят да
0
aman0296
2017-11-20 22:20:27
Самарохондун эмгегин ойлоп алып эле ичип ачышат.
0
dobrajelatel
2017-11-20 23:10:28
Айии пейилди кенен койгула. Алсын баары алсын, эмгек синиргени, акча бергени. Окунучтуусу наамдардын, сыйлыктардын кадыры кетти. Эмгекти той-маарекелерге, шайлоо маалында чиновниктерге эмес элге синириш керек.
+1
altynbek_canto
2017-11-21 02:50:03
Мейли эми шанс барда алып алышсынчы байкуштар, булар үчүн кайгырбай эле койгулачы алтындарым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан