Эстрада ырчысы Ильяз Абдыразаков Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-ноябрда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдалды.
"Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө жана экономикалык, социалдык реформаларды өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишиндеги жогорку жетишкендиктери үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду", - деп жазылат маалыматта.
Ага ылайык, Ильяз Абдыразаковдон тышкары дагы бир катар маданият өкүлдөрү ардактуу сыйлыктарга ээ болду. Буга чейин маалымдалгандай, алардын арасында куудул Күмөндөр Абылов, ырчылар Кайрат Примбердиев, Гүлзинат Суранчиева жана башкалар бар.
Кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, көптөгөн ырлары менен жаштардын кумирине айланган Ильяз Абдыразаков 2013-жылы Маданият жана туризм министрлиги тарабынан "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировщиги", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси.
Ал "Арман" аттуу ыры менен сахнага чыгып, чыгармачылыгын баштап, калың элге белгилүү болду. Өзүнүн чыгармачылык жолунда көптөгөн хит ырларды жаратып кыргыз эстрадасында ордун таап, атагы коңшу өлкөлөргө да тарады.