Ырчы Селена Гомес "American Music Awards-2017" сыйлыгын тапшыруу аземинде көрүүчүлөрдү өзүнүн жаңы образы менен таң калтырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-ноябрда Американын Лос-Анжелес шаарында өткөн "American Music Awards-2017" сыйлыгын тапшыруу аземи жыйынтыкталды. Бул салатанатта салтка айланып калгандай көрүүчүлөр көптөгөн жаңылыктарга күбө болушту.
Алардын бири жаш ырчы Селена Гоместин жаңы образда пайда болуусу болду. Кызыл килем үстүнө ырчы жаңы чач жасалгасы менен чыккан. Ырчы чачын сары түскө боёп эми блондинкага айланган. Гоместин жаңы образын социалдык тармактын колдонуучулары кызуу талкуулашууда.
Мындан сырткары ырчы Microsoft Theater сахнасында өзүнүн "Wolves" аттуу ырын аткарган. Бирок көрүүчүлөр ырчыны фонограмма менен ырдап жаткандыгын билип калышып аны сынга алышкан.
"American Music Awards-2017" - Америкада музыка жаатында берилүүчү сыйлыктардын бири, сыйлык 1973-жылдан тарта 8ден ашуун номинацияда тапшырылып келет. Жеңүүчүлөрдү көрүүчүлөр шайлоо аркылуу аныкташат.