Бишкек шаарындагы О.Мануилованын үй-музейинде манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, иш-чарада Кыргыз эл сүрөтчүсү Таалай Курмановдун эмгектери коюлат.
Сүрөт көргөзмө эртең, 21-ноябрда саат 15:00дө ачылат. Ага манасчынын небереси, манасчылар Дөөлөт Сыдыков, Рыспай Исаков, Замир Баялинов катышат. Мындан тышкары жазуучулар, сүрөтчүлөр келет.
Иш-чара Бишкек шаардык музейлердин бириктирилген дирекциясы менен аталган үй-музейдин жамааты тарабынан уюштурулган.
Улуу манасчы Сагымбай Орозбаков айткан "Манас" кагаз бетине түшүрүлүп, изилденгенден кийин "Алп манасчы" наамына татыган.