СУПЕР ТВ: Максат Довранов менен Сайкал Садыбакасованын үйлөнүү тоюнан эксклюзивдүү видеорепортаж

14-ноябрда телеалпаруучу Максат Довранов менен "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, ырчы Сайкал Садыбакасованын үлпөт тою 600дөн ашуун коноктордун катышуусунда өттү. Ага чейин кыргыздын салтын улап, Максат Доврановдун ата-энеси ырчы бийкечке сөйкө салышкан.

Баш кошкон түгөйлөрдүн үйлөнүү үлпөтү Ош шаарындагы ресторандардын биринде белгиленип, шаңдуу өттү. Ага Расул Маматкулов, Динара Акулова, Токтобүбү Черикчиева, Гүлжигит Калыков, Айжамал Кабылова, Темир Назаров жана башка белгилүү маданият өкүлдөрү келген.

Гүлшайыр Садыбакасова тойдо SUPER.KG порталына берген маегинде кызынын бактылуу турмушу үчүн бардык жактан жардам берүүгө даяр экенин айтты. Түгөйлөрдүн өкүл ата, өкүл апасы болуп Асан Мансуров менен Самара Каримова тандалган.

Тойдогу көптөгөн кызыктарды камтыган эксклюзивдүү видеорепортажды көрүү үчүн шилтемени басып "Супер ТВ" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ajdaaar
2017-11-21 13:20:30
Чон энелердин "гангам стайл" бийлеши уят эле нерсе го, же улуулардан акыл кеткени ушулбу?!! Илгерки улуулар нарктуу баштуу болуучу эле...

Тиги Сайкалдын дос кызы да турмушка чыгып жаткансып кийинип алганы туура эмес го менимче....
+1
Kattaldym
2017-11-21 14:09:28
Даагы эле буто элекпи бул той? Же жанылык калбай калганда жазып коюп атасынарбы? Бир жума болуптур го той отконуно???
+1
raykray
2017-11-21 19:37:58
Kattaldym,видео репортаж эми чыгарды,каалоочулар барда корчу, каалабагандарга саясат турат
0
raykray
2017-11-21 19:44:07
Бул жерде бизден акылы коп копту коргон адамдар кенешип анан откорулгон тойда не кк ошончо нерседен болбогон нерсени таап чыгып жаман жакка алып акылдууболуп, ким кандай кийинет кантип суротко тушот ал жеке ишида!!! Сайкал досу эмес мени канча суйлошот антип кийди жаны кийди, суротко 2жолу тушту деп кайнсиндилер чукуйм соз табам деген. Таба берет окшойт
-1
ilgizk
2017-11-21 21:12:00
Малика динанын бийди тытып койду деген видеосун таппай калдым го,каяка кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан