Токиодо Кыргыз жана Япония мамлекеттеринин дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган Кыргыз маданиятынын жумалыгы өтүп жатат. Маалыматты иш-чараны уюштурууга көмөктөшкөн "Жибек жолунун Ак Конушу" долбоорунун жетекчиси Гүжан Иреш SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 18-ноябрда маданият жумалыктын расмий ачылышы "Кыргыз көчмөн дүйнөсү" аттуу концерт менен башталып, манасчы Камил Мамадалиевдин "Манас" эпосунан үзүндү айтуусу менен ачылды. Ага Кыргыздын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбеков катышып, элдин бай маданияты, салты, жашоо-турмушу тууралуу япон элине айтып берди.
Япониялыктар "Ордо сахна" фольклордук тобунун жана ырчы Гүлзада Рыскулованын аткаруусундагы кыргыз музыкасына, Эркин Болжуровдун "Кийиз дүйнө-Көчмөн руху" аттуу фотокөргөзмөсүнө, кыргыз аялзатынын улуттук кийимдерине, кол өнөрчүлүгүнө күбө болууда.
Кыргыздын Япониядагы элчилиги жана "Жибек жолунун Ак Конушу" долбоорунун колдоосу менен ишке ашып жаткан жумалык 25-ноябрга чейин улантылат.