Чемпиондор Лигасы: “Реал Мадриддин” ири эсептеги жеңиши финалды көздөй жетеледи

Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасында тайпалык баскычтан чыгуу үчүн таймаштар уланууда. 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү 5-турдун оюндары орун алып, анда “АПОЭЛ” футболдук клубу өз талаасында “Реал Мадрид” клубун тосуп алды. Оюндун жүрүшүндө “конок койдон жоош” болгон жок. Зинедин Зидандын шакирттери оюндун алгачкы 45 мүнөттүк бөлүгүндө эле атаандаштарынын дарбазасына 4 топ киргизди. Лука Модрич 23-мүнөттө, Начо 41-мүнөттө, ал эми Карим Бензема 39-мүнөттө жана биринчи бөлүккө кошулган 1 мүнөттүктө айырмаланышты. Беттештин экинчи бөлүгүндө талаанын кожоюндары өз дарбазасын сактоого жакшы эле жан үрөштү. Бирок “Реал Мадриддин” башкы бомбардири Криштиану Роналду 49-мүнөттө жана 54-мүнөттө таамай болуп чыгып, командасынын ири эсеп менен утуусуна салым кошту. Ошентип жоопсуз 6 топтун арты менен падышалык команда плей-офф баскычына чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Мындан тышкары плей-офф баскычына чыгууну “ПСЖ”, “Бавария”, “Манчестер Сити”, “Тоттенхэм” жана “Бешикташ” клубдары камсыздашты.



АПОЭЛ - Реал Мадрид (21.11.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
KYRGYZ_bolson_BRAT
2017-11-22 08:29:46
criro7 так играть до конца красавчик реал снова чемпион!!!
+5
KYRGYZ_bolson_BRAT
2017-11-22 08:30:56
Финал ПСЖ-РЕАЛ
+4
Isco23
2017-11-22 08:37:14
KYRGYZ_bolson_BRAT,брат Ман.Ситини да батырыш кк эле да финалга))тройка кылып коелубу учоону)))
-3
Dembele84
2017-11-22 09:42:22
KYRGYZ_bolson_BRAT,Биринчи полуфиналга чыксын,ага чейин да иши коп
-2
lotte
2017-11-22 08:40:49
Севилья менен Ливерпуль жонундо жазбапсынар да, Реал менен каяктагы бир аутсайдер жонундо жазбай.
+2
kanybek1986
2017-11-22 09:33:35
Реалдын акыркы убакытта ити чоп жебей калды эле
-2
bond02
2017-11-22 10:00:00
kanybek1986,женип жатат го чиркин четинен эле, анан дагы кайсы ити чоп жеш керек.
+1
Dembele84
2017-11-22 11:53:15
bond02,Реалдын итинин чоп жебегени Испания чемпионатында Барса менен Валенсиядан артта калып кеткендиги,акыркы оюндарында жакшы оюн коргозбогондугу.Лига Чемпионовдо Тотенхэм ге биринчи орунду группада тарттырып жибергендиги учун айтылып жатат.А бул Апоэлди женсе эле тытып атат деш туура эмес,бул команда группадагы эн слабый команда болсо озу.
-2
Dembele84
2017-11-22 09:39:04
Реал группасынан экинчи местадан чыгып,1/8финалда псж,ман сити,челси,ман юнайтед терге тушуп калышы толук мумкун.
-1
Makkambaev97
2017-11-23 14:10:58
Dembele84,Жерёбовка болот 1чи 2чи места деп отурбайт
0
Hernandez
2017-11-22 11:24:50
Реал слабый командалар менен ойногондо эле "ачылып " жатат, күчтүү болсо Атлетикого гол кийирмек же Тоттенхемди жеңмек так что бул сезондо Реалга шанс жок
-2
Rasul94
2017-11-22 20:30:19
Hernandez,пан баш экенсин
0
Bakulya97
2017-11-23 19:01:03
Hernandez,бул башталышы гана коробуз реал плплей -офто псж мансити челси келсада тытат
0
KYRGYZ_bolson_BRAT
2017-11-22 12:22:21
Бул оюн топ топологии дегендей конкретно эч кимге гарантия бералбайсын лично мен болельщик реал мадрида просто жду чудо от этого команда...
0
FCBMESSI
2017-11-22 17:16:10
Барса чемпион
-2
Arsenal93.
2017-11-22 18:35:31
Баарынар эле эксперт болуп кеткенсинерго
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан