Жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны коло медаль жеңип алды

Польшанын Быдгощ шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз балбаны Эсен Асанов коло медаль жеңип алды.

75 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эсен Асанов алгачкы беттештерде латвиялык жана беларустук балбандар менен күч сынашып, экөөнү тең 8:0 эсебинде жеңген. Ал эми чейрек финалда Асанов венгриялык Золтон Левайды 2:1 эсебинде жеңип, жарым финалда түркиялык Фатих Ченгизге утулган. Коло медаль үчүн болгон күрөштө азербайжандык Насер Гасанов менен күрөшүп, аны жеңип алды. Муну менен ал жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси болду.

Балбан Эсен Асанов Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-11-22 10:00:20
Азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан