Премьер-министрдин 3-айы: өкмөттө кандай жылыштар жана кадрдык өзгөрүүлөр болду? (толукталды)

3 ай мурун Сапар Исаков Кыргыз өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалган. Анын аткарган иштери тууралуу буга чейин 1-айында жана 2-айында SUPER.KG порталы жазып чыккан. Сапар Исаков үчүнчү айында кандай иштерди аткарып, кандай олуттуу чечимдерди кабыл алып, өкмөткө кандай кадрдык өзгөртүүлөрдү киргизип жатат?

Паспортко өзүңүз барбай, паспорт сизди үйгө чейин "издеп" келет

10-октябрда паспорт алуу тууралуу арызды өкмөт башчы “Мамлекеттик электрондук кызматтар порталынын” бет ачарында жазган эле. Электрондук арызды толтуруп жатканда премьер-министр үйгө жеткирүү жаңы кызматын пайдаланган. 28-октябрда премьер-министр Сапар Исаковдун жашаган жерине почта аркылуу жалпы жарандык паспорту жеткирилгенин өзү социалдык баракчасына жазды. Кезекте туруу, бир топ кагаз иштерин бүтүрүү сыяктуу паспорт алуунун түйшүгү жеңилдеп калганын жарандар да билдиришүүдө.

Өкмөт башчы кыш мезгилинде электр энергиясы өчүрүлбөсүн деди

Өкмөттүн 30-октябрдагы отурумунда премьер-министр Сапар Исаков керектүү товарлардын баасын кымбаттатпоо тапшырмасын берген. Ал газдын, көмүрдүн, күйүүчү майдын баасы жогорулабашы керектигин айткан. Ошондой эле өкмөт башчы күз-кыш мезгилинде электр энергияны маал-маалы менен өчүрүлбөшү зарылдыгын белгиледи. Кийинчерээк өкмөт көмүрдүн баасы кыш аяктагыча көзөмөлгө алынып турат деген маалымат таратты.

Өкмөт Казакстандын жардамынан баш тартууну сунуштады

30-октябрда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасы Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тарта турганын айтты. Эске салсак, 10-октябрдан бери Казак тарап чек арадагы текшерүүнү күчөтүп, Кыргыз бийлиги баса белгилегендей, кошуна өлкө атайы жасалма тоскоолдуктарды жаратып, блокада түзүүдө.

“Биз бул каражатты мурда күткөнбүз, азыр берилбей турганы белгилүү болду. Бул акчага лабораториялар, өткөрүү бекети үчүн жабдуулар курулмак. Бюджеттен өткөрүү бекети үчүн, жабдууларды алууга жана лаборатория курууга акча бөлүндү”, - деди Исаков. Кийин бул чечим Жогорку Кеңештен жана президент тарабынан да колдоо тапты.

Чек ара аймактарына кирип чыгууга уруксат алуу тездейт

1-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков өлкөнүн жарандары үчүн чек ара аймактарына кирип чыгууга жана калууга жарандар үчүн уруксат берүүчү документтерди алуунун убактысын кыскартты. Киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде чек ара аймактарынан чыккан жарандар үчүн тиешелүү документтерди тапшырган күндөн баштап 9 күндөн 3 күнгө чейин кыскартылды. Сунушталган өзгөртүү өлкө жарандарынын убактысын жана каражатын үнөмдөөгө жана кошумча шарттарды түзөт.

Кыргыз-Казак өкмөт башчыларынын кайым айтышуусу

3-ноябрда Ташкент шаарында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өткөн. Анын жүрүшүндө Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сапар Исаков менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев кайым айтышты. Сапар Исаков Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди. “Кыргыз мамлекети эркин соода аймагы жөнүндө протоколду ратификациялаган жана бардык шарттарды аткарган. Тилекке каршы, эркин соода аймагынын иши жөнүндө айтуу кыйын, анткени айрым катышуучулар шарттарды аткарбай жатышат. Кыргыз-Казак чек арасында бул норма аткарылбоодо. Казакстан транзиттик артыкчылыгынан пайдаланып, чек арадан унааларды жана товарларды өткөрбөй коюуда”, - деп Исаков оюн билдирди.

Сагинтаев Казакстан мыйзам чегинде иш-аракеттерди жүргүзүп, кырдаалды чече ала турган бир нече пункттардын аткарылышын талап кылып жатканын билдирген. “Биринчиден, кыргыз тарап салык мыйзамдарынын нормаларын ЕАЭБдикине шайкеш келтириши керек. Экинчиден, жасалма продукцияларды өткөрүүгө жол бербеши зарыл. Үчүнчүдөн, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү туруктуу камсыздаш керек. Ал эми төртүнчүдөн, чек арадан баңгизаттардын жана куралдардын аткезчилик жолу менен өтүүсүнө жол берилбеши зарыл”, - деп казак өкмөт башчысы Кыргыз премьер-министрине жооп кайтарды.

Ушул күнгө чейин Кыргыз-Казак кризиси сүйлөшүүлөргө жана кайым айтышууларга карабастан чечиле элек. Чек арада орун алган тоскоолдуктарды жоюу, эки тараптуу мамилени жумшартуу оболу өкмөт башчынын эмес, Тышкы иштер министрлигинин милдети эле. Бирок аталган министрликке жана анын жетекчилигине да чара көрүлбөй турат.

Жол коопсуздугун күчөтүү максатында Сапар Исаков Патрулдук милицияны жойду

Өлкөдө Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлат. Бул тууралуу 10-ноябрда жол кырсыктарынын көбөйүүсү боюнча өткөрүлгөн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, Патрулдук милиция башкармалыгынын ордуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы түзүлөт жана кызматкерлери көбөйтүлөт. Андан сырткары Ички иштер министри Улан Исраиловго ички түзүмдү түзүүнү көзөмөлдөөнү тапшырып, сынак менен мыктыларын тандап алуу керектигин айтты.

Электрондук арыз аркылуу никеге турган жаштарды Исаков Бакыт үйүнө барып куттуктады

13-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков "Мамлекеттик электрондук кызматтар порталында" никени биринчилерден болуп каттаган жаш түгөйлөрдү куттуктады. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, үйлөнүп жаткан жаштарга каалоо-тилегин айтты. "Биз силер менен абдан сыймыктанабыз, анткени жакшы үлгү көрсөтүп жатасыңар. Бардык Кыргыз жарандары силердин нике каттооңорго күбө болду", - деди өкмөт башчы. "Убакыт бул - акча" деп айтылгандай, мындан ары жаштар никеге туруу үчүн арызды электрондук түрдө толтуруп, убактысын үнөмдөп, ыңгайлуу шартка ээ болушат.

Элге жакын премьер-министр

16-ноябрда Өкмөттүн «Жаңы Доорго — 40 кадам» программасынын алкагында 40 стратегиялык демилгени биргелешип ишке ашыруу үчүн Элдик идеялар банкын ишке киргизүү жана эксперттерди кызматташууга чакыруу жасалды. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы Доорго — 40 кадам» жана «Таза Коом» программаларынын алкагында кызматташтык тууралуу көптөгөн сунуш-каттарды алам. Жарандардын коомго пайда келтирүүгө карата болгон аракеттери абдан кубандырат. Ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, аталган программаларды ишке ашырууга катышуусу жана ырааттуу кызматташтык үчүн биз Демилгелер банкын жана эксперттердин тизмесин түздүк", - деди Исаков.

Сапар Исаков аткезчилик менен күрөшүүдө

17-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Анда өкмөт башчы мамлекеттик органдарда экономикалык жана финансылык кылмыштуулук менен күрөшүүгө өзгөчө басым жасоо керектигин эскертти.

Буга байланыштуу Сапар Исаков аталган мекемеге экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды, мыйзамсыз оюн жана лотереялык ишмердүүлүктү ачыкка чыгарууну, мамлекетке келтирилген чыгымдарды максималдуу түрдө калыбына келтирүүнү тапшырды. Мындан сырткары эл керектөөчү товарлардын, анын ичинде күйүүчү майдын өлкөгө мыйзамсыз киргизилип же аймактан чыгарылып жаткандыгы тууралуу фактылар боюнча активдүү иш жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Зилалиевди кызматтан бошотту

17-ноябрда Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматтан бошотулду. Мындай чечим премьер-министр Сапар Исаковдун Зилалиевди башка кызматка которуу боюнча сунушунун негизинде кабыл алынган. Бирок ал көпкө бош отурган жок, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалуу менен бир аптада кызматка кайтты.

Зилалиевдин ордуна 21-ноябрда Сапар Исаков биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин сунуштады. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш жактырды. Ал эми азырынча биринчи вице-премьер-министр ким боло турганы белгисиз.

Сапар Исаков авиация тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жарым жыл убакыт берди

22-ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Өкмөткө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынына катышты. Анын жүрүшүндө Исаков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду сынга алып, авиация жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жарым жыл убакыт берди.

"Маселени чечүүгө сиздерге ким тоскоолдук кылып жатат? Министр агенттиктин директорунун ордуна жооп берүүдө. Жакшылап иштеш керек. Сиз министр катары маселени мага айтпай, өзүңүз чечиңиз. Керек болсо ишти баштай элек экенсиздер. Авиация тармагынын жана аны өзгөртүү боюнча мыйзамдарды талдоо үчүн эл аралык уюмдар менен жолугушуп, туура долбоор жазуу керек", - деди өкмөт башчы.

Жогорку Кеңештин депутаттары да авиа тармагы боюнча маселени карап, министрликке ички каттамдардын акысын арзандатуу сунушун беришти.

Кыргыз "Ачык Өкмөт" өнөктөштүгүнө кирди

Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан биринчилерден болуп, "Ачык Өкмөт" өнөктөштүгүнө мүчө болду. "Ачык Өкмөт" бул 74 мамлекетти жана 15 аймактык өкмөттү бириктирген эл аралык платформа. "Биз бул өнөктөштүктүн мүчөсү болгонубуз менен абдан сыймыктанабыз. Кыргыз өкмөтү ачыктык жана айкындуулук бизди туруктуу өнүгүүгө жеткирет деген ишеничте. Экономикадагы ийгиликтер, инвестициялык климатты жакшыртуу, демократиялык коомду куруу жана жарандардын ишеними ачык-айкын өкмөттү түзүүдөгү прогресстен көз каранды", - дейт премьер-министр.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан