Футбол боюнча Кыргыздын олимпиадалык курама командасы Индонезиядагы "Tsunami Cup-2017" мелдешине катышат

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасы Индонезияда 29-ноябрдан 9-декабрга чейинки аралыкта өтө турган "Tsunami Cup-2017" мелдешине катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште Кыргыз курама командасы 2018-жылы Индонезияда өтө турган Азия оюндарына даярдык катары катышууда.

Мелдеште Кыргыз командасы Монголия, Бруней жана Индонезиянын курама командалары менен беттешет. Оюндар олимпиадалык мелдештердин эрежеси боюнча өтөт. Анда курама командадагы 3 оюнчудан башкасы 23 жаштан жогору болбоого тийиш.

Кыргыз футболчулар 25-ноябрга чейин футбол федерациясынын талаасында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы (U-23):

Аманбек Маныбеков

Айдар Мамбеталиев

Атай Жумашев

Бахтияр Дүйшөбеков

Султан Момунов

Эльдияр Сардарбеков

Азат Мурзашев

Эмир Жетыбаев

Мустафа Юсупов

Азим Азаров

Сүйүнтбек Мамыралиев

Эрнист Батырканов

Кадырбек Шаарбеков

Арстан Кудайбердиев

Эржан Токотаев

Нуртай Курмантай

Аскар Салиев

Айзар Акматов

Азамат Байматов

Антон Землянухин

Павел Матяш

Азамат Өмүралиев

Башкы машыктыруучу - Игорь Кудренко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BekAmir
2017-11-22 15:35:40
Ийгилик
0
Nurik.1100
2017-11-22 22:03:01
Азамат, Антон, Павел акалар курамга кошулганы жакшы болуптур,,, бизге жениш алып келет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан