Казактын белгилүү продюсери Баян Максат кызы айымдардын укугун коргоого багытталган фонд түзөт

Казактын белгилүү продюсери Баян Максат кызы айымдардын укугун коргоого багытталган фонд түзүү алдында турат. Бул тууралуу ал казак телеканалдарынын бирине берген маеги учурунда айткан.

Маалым болгондой, аэропорт, кафе, дүкөн жана башка жерлерден продюсерди көргөн айымдар андан жардам сурап көп кайрылышат. Мындан улам ал аялзатынын укугун коргоо үчүн атайын фонд түзүп, жакында үй-бүлөлүк запкыга кабылган каармандардын бири менен жыйын өткөрүүнү пландап жатканын айткан.

"Мындан ары бизге кайрылган аялзатынын баарына жардам берүүгө аракет кылабыз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн активдүү иштеп жатабыз. Тажрыйба топтоо максатында чет өлкөгө да чыгып келсемби деп ойлонуудамын. Азыр каражат жагы бир аз көйгөй жаратууда. Анткени сатылган китептеримдин акчасы фонд түзүүгө жетпейт экен", - деген ал.

Белгилүү болгондой, фонд "Аю тас" деп аталат, ал байыркы түрк тилинен которгондо "үй-бүлө" дегенди түшүндүрөт.

Эскерте кетсек, былтыр продюсердин мурунку жолдошу Бахыт Есентаев жубайын ур-тепкиге алып, бычак сайып жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ayida
2017-11-22 19:37:21
Кой Баян озуну ондо анан башкаларга жол корсот!Бир жакшынакай менин куйоом болсо экен деп ар бир кыз армандаган куйоону кайдагы ак чачка алмашып журосун,улуу дагы куйооно караганда .Менин куйоом болуп калганда аттин
0
Ayida
2017-11-22 19:37:58
Сенин куйоон менин куйоом болуп калса укмуш мамиле кылат элем бутун кундо жууп дегендей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан