Бишкекте "Улуу Жибек жолунун аскерлери" аттуу эрежесиз уруш боюнча мелдеш өтөт

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 10. Улуу Жибек жолунун аскерлери" аттуу эрежесиз уруш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдештин алкагында жалпы 18 беттеш жана алардын ичинен 3 беттеш чемпиондук кур үчүн болот. WEF'тин Чемпиондук куру үчүн Кыргыз өлкөсүнөн 2 мушкер күч сынашат. Анда 77 килограммга чейинки салмак чениндеги чемпиондук беттеште Актилек Жумабек уулу орусиялык Магомедрасул Магомаев менен күч сынашса, 93 килограммга чейинки салмак ченинде Кылычбек Саркарбаев АКШлык Алии Мухаммед менен беттешет.

Алдын ала беттештер:

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Саид Хамзат (Орусия) - Умиджон Сагдулаев (Өзбекстан)

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Куштарбек Амирбек уулу (Кыргыз өлкөсү) - Бехруз Фархотзода (Тажикстан)

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Айбек Шумкарбеков (Кыргыз өлкөсү) - Муса Юсупов (Кыргыз өлкөсү)

84 килограммга чейинки салмак ченинде:

Акбар Гажиэкперов (Орусия) - Паата Робакидзе (Украина)

Негизги беттештер:

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нурбек Жаныбаев (Кыргыз өлкөсү) - Шамил Цакоев (Орусия)

Төлөгөн Рахманберди уулу (Кыргыз өлкөсү) - Аслан Алгериев (Орусия)

Рамазан Никарамазанов (Кыргыз өлкөсү) - Миртолиб Ходжаев (Өзбекстан)

71 килограммга чейинки салмак ченинде:

Ринат Саякбаев (Кыргыз өлкөсү) - Сирожидин Эшанбаев (Өзбекстан)

Бекболот Абдылда уулу (Кыргыз өлкөсү) - Фарух Шарипов (Тажикстан)

Кубаныч Абдисалам (Кыргыз өлкөсү) - Магомедтагир Магомедов (Орусия)

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Абдулгаджи Газиев (Кыргыз өлкөсү) - Абугофор Бобоев (Өзбекстан)

Алтынбек Мамашев (Кыргыз өлкөсү) - Исломбек Комолдинов (Өзбекстан)

57 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мырзамидин Пазылов (Кыргыз өлкөсү) - Рустам Сайдулаев (Казакстан)

84 килограммга чейинки салмак ченинде:

Эрболот Өмүрзаков (Кыргыз өлкөсү)- Нурсултан Розибоев (Өзбекстан)

93 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нурлан Токтобакиев (Кыргыз өлкөсү) - Азамат Баходурзода (Өзбекстан)

Чемпиондук кур үчүн беттештер:

77 килограммга чейинки салмак ченинде:

Жумабек уулу Актилек (Кыргыз өлкөсү) - Магомедрасул Магомаев (Орусия)

93 килограммга чейинки салмак ченинде:

Кылычбек Саркарбаев (Кыргыз өлкөсү) - Алии Мухаммед (АКШ)

93 килограммдан жогору салмак ченинде:

Мурод Хантураев (Өзбекстан) - Константин Андрейцев (Орусия)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uragan07
2017-11-22 10:51:18
Билет баасы канча сом экен? Саат канчада башталат?
0
islamik
2017-11-22 12:43:55
Улуу жибек жолу оштон откон элего. Эмнеси болсода кыргыз жигиттерине куч кубат. Кылыч алга Ош с.к Мухаммед-Умар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан