Пэрис Хилтондун "селфини биз ойлоп тапканбыз" деген сөзү интернет колдонуучулар арасында талкуу жаратты

Америкалык ырчы жана актриса Пэрис Хилтон жакында эле интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчасына 2006-жылы Бритни Спирс менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, "11 жыл мурун. Ушул күнү биз селфини ойлоп тапканбыз" деген билдирүү менен жүктөгөн.

Тилекке каршы, ырчынын бул тамашасын интернет колдонуучулар түшүнбөй, кызуу талкуу жаратышкан. Ал гана эмес жооп катары Жаклин Кеннеди, Пол Маккартни, Майкл Жексон сыяктуу белгилүүлөрдүн качанкы кездерде түшкөн селфи сүрөттөрүн жибере башташкан.


Бирок тарыхка кайрылсак, эң алгачкы селфи болжол менен мындан 200 жыл мурун тартылган. Ал фотограф Роберт Корнелиустун сүрөтү.

Селфи (selfie) сөзү англис тилинен которгондо «self», «өзүн-өзү» дегенди түшүндүрөт. Фотокамера менен адам өзүн-өзү бет маңдайын туштап же күзгү аркылуу тарткан сүрөттөрдү селфи сүрөттөр деп коюшат. Аталган термин мобилдик телефондордун фото-кызмат көрсөтүү түзүмү өскөндөн баштап пайда болгон. Селфи сүрөттөр сунулган колдун алыстыгына жараша тартылгандыктан адатта сүрөткө адамдын көкүрөктөн өйдө жагы гана тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eldar96
2017-11-22 12:12:52
Пайдасынан зыяны коп болду селфи дегендин.
+3
Gena1
2017-11-22 12:28:06
Перис Хилтондон мурда Советтик "Ну Погоди" мультфильминдеги карышкыр да селфи кылган кадр бар.
+4
Beks0207
2017-11-22 13:30:45
Gena1,молодец екенсиз эс тутум зор екенда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан