Мөңгүлөрдүн негизги коркунучу – климаттын өзгөрүүсү

Мөңгү маселеси боюнча бир катар коомдук уюмдардын жигердүү кампаниясына карабастан Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү өзгөчө учурларда мөңгүнүн жанында Кыргызстандын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон “Кумтөр” кенин иштетүүгө укук берген Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдоду.

Ошол эле тапта Кыргызстандын алдынкы окумуштуулары акыркы 4 жылдан бери “Кумтөр” кенин иштетүү өлкөдөгү мөңгүлөрдүн кырдаалына таасир тийгизбегенин айтып келишет. Алардын баамында, мөңгүлөрдүн эришине глобалдык жылуулануу себеп. Жадакалса кыргызстандык окумуштууларда “пульс сымал мөңгү” термини пайда болгон. Мөңгүлөрдүн түндүк боорунда өзгөрүү анча байкалбайт, ал эми түштүк боорунда эрүү процесси аябай байкалат. Бардык мөңгүлөр жайгашкан жериндеги өлкөнүн кенчи жана алардын стратегиялык суу ресурсунун бөлүгү. Муз – бул кадимки эле дарыя. Ал бөлүктөргө майдаланып талкаланат жана жылат, бирок мөңгүнүн бөлүктөрүнүн ылдамдыгы да ар кандай. Ага таштар кошулуп, морена түзүлөт. Ошону менен бирге мөңгүлөр – бул бөтөнчө суу сактагыч. Каалайбызбы же каалабайбызбы, бирок жыл сайын Жер планетасында мөңгү массасынын азайышынын үстөмдүгү байкалууда.

Global Carbon Project уюмунун акыркы изилдөөсү 2000-жылга салыштырмалуу атмосферага чыгарылган парник газдары эки эсе өскөнүн көрсөттү. Демек, муздун эрүү процесси да көбүрөөк ылдамдайт.

2024-жылга чейин мөңгүлөрдүн эриши болжол менен бүгүнкүдөй тездикте уланат, андан кийин ал процесс күтүүсүздөн ыкчамдайт. Жогоруда аталган уюм жакынкы 30-50 жыл аралыгында Атлантикадагы дээрлик жайы-кышы турган бардык муз жок болот деп тыянак чыгарышкан. Бир гана акыркы 25 жылда арктикалык муздун аянтынын 25 пайызы кыскарган.

Орусиялык гляциологдор дагы жакынкы 100 жылда глобалдык жылуулануунун айынан бүт тоолордогу ак мөңгүлүү чокулар эрий турганын тастыкташкан.

Акыркы жылдары көптөгөн мөңгүлөрдүн эриши тездеди, бул Тянь-Шань тоо кыркасына гана тиешелүү эмес. Мисалы, Гренландия аралындагы Якобсван мөңгүсүнүн эрүү ылдамдыгы 6 жылдан кийин эки эсе жогорулаган. Азыркы тапта жылына ал болжол менен 12 чакырымдык тездикте азаюуда”, - деп белгилешет орусиялык изилдөөчүлөр.

Ушундай эле жыйынтыкка жергиликтүү окумуштуулар коомунун өкүлдөрү да келишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометборборунун директорунун орун басары Рыскелди Асанкожоевдин айтымында, абанын температурасы дайыма жогорулоодо жана 70 жыл ичинде ал 1 градуска көтөрүлгөн.

Статистика ыраа кылбай калган. Жаан-чачынга караганда муз көп эрип жатат, анын кесепетинен мөңгүлөрдүн аянты 12,5 пайызга азайды. Ак-Шыйрак массивиндеги 165 мөңгүнүн жалпы аянты 436 чакырым деп эсептелген жана алардын 93 пайызы коомчулуктун айрым өкүлдөрү белгилегендей “Кумтөр” кенин иштетүүдөн эмес, бир гана жылуулануунун айынан деградация болууда. “Кумтөрдүн” айланасындагы абадагы техногендик чаңдын көп бөлүгү тыштан келген, кендеги жардыруу иштери ага аз гана таасир этет”, - деди Асанкожоев.

Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоо борборунун жетекчиси Рыспек Сатылканов да ошондой эле бүтүмгө келген.

Ал белгилегендей, андай көрүнүш кенди иштетүү аймагынан тыш жайгашкан мөңгүлөрдү изилдөөдө тастыкталган.

Мисалы, Лысый мөңгүсүнүн эрүү аянты бир жылда 1 миң 774 сантиметрди, Чоң-Сары-Тор – 1 миң 565 сантиметрди түзгөн. Алар “Кумтөр” кенинин аймагында орун алган. Ал эми “Кумтөрдөн” 30 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Чоң-Кутордо эрүү аянты 2 миң 240 сантиметр, Ашуу-Төрдө 2 миң 113 сантиметрге жеткен. Тактап айтканда, антропогендик ишмердүүлүк жүргүзүлгөн аймактагы мөңгүнүн орточо эрүүсү 278 сантиметрди, андан тышкары жакта болсо 363 сантиметр экени аныкталган. Демек, антропогендик ишмердүүлүк таасир этпеген жакта мөңгү 84 сантиметрге бат жок болууда”, - деп билдирди Сатылканов.

Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу айткандай, кыргызстандык окумуштуулардын изилдөөлөрү эгер кенди иштетүү өлкөдөгү мөңгүлөргө терс таасирин тийгизсе, анда көпчүлүк ойлоп жаткандай деле олуттуу эместигин көрсөтөт.

Кенге жакын жайгашкан Дордуу мөңгүсү орточо 260 сантиметр, андан бир аз ылдый жайгашкан Лысый 237 сантиметрге эрүүдө. Башкача айтканда, таасир бар, бирок минималдуу. Ал эми “Кумтөрдөн” алыс жайгашкан түштүктөгү мөңгүлөр орточо 300дөн 550 сантиметрге чейин эрип жатат”, - деди Сатылканов.

Рыспек Авлаевич белгилегендей, жергиликтүү окумуштуулар концессия аймагындагы жана андан тыш жайгашкан мөңгү массаларын үч ай изилдеп, кендеги антропогендик ишмердүүлүктүн мөңгүлөргө болгон таасири болгону 6,8 пайызды, ал эми калган 93 пайызы табигый процесстерге туура келерин жыйынтык иретинде чыгарышкан.

Эрүүнүн негизги себеби – акыркы жылдардагы Тянь-Шань тоо кыркасынын чокуларындагы олуттуу күчөп кеткен жагымсыз температуралык кырдаал. Ал бийик тоонун түштүк тарабында жакшы байкалат. Бул антропогендик процесстерден эмес, табигый экенин, тактап айтканда, глобалдык жылуулануудан улам экенин көрсөтүп турат. Суу кодексине толуктоону кабыл алып же кабыл алынбаганына карабай, Кыргызстандын мөңгүлөрү жаратылыштын объективдүү себептеринен улам жоголо берет. “Кумтөрдү” иштетүү кыйратуучу таасир бербейт”, - деди Сатылканов.

Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоо борборунун жетекчисинин көз карашын Жерди илимий изилдөө Борбордук-Азия институтунун окумуштуулары да тастыктайт. Алардын маалыматына караганда, “Кумтөр” кенинде жайгашкан Петров мөңгүсүнүн этеги 1869-жылдан 2015-жылга чейин планетадагы глобалдык жылуулануунун айынан 700 метрге азайган. Ошондой эле аталган институттун 2015-жылдагы геодезиялык изилдөөлөрү Давыдов мөңгүсүнүн калыңдыгы "Кумтөрдүн" айынан эмес, климаттын өзгөрүүсүнөн улам 39 жылда 60 метрге жукарганын тастыктаган.

Мындан улам климаттын өзгөрүү маселелери менен алектенген кыргызстандык белгилүү окумуштуу Шамиль Ильясов мөңгүлөрдүн азайышынын башкы себеби планетадагы климаттык өзгөрүүлөр экенин бир канча жолу бекеринен айткан эмес. “Эгер ким башкача пикирди карманса, анда ал экологияны таптакыр түшүнбөйт”, - деп адис билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
jaazira13
2017-11-22 11:53:34
монгуго чыгып корбогондор муну тушунбойт. нпошниктер кыйкырсале ишенип тошко чабып калышат патриот болуп
+1
dysha
2017-11-22 21:26:58
jaazira13,аны гляциологтордун баары айтат, барып корбогондон кийин кыйкырбайлекоюш керек
+1
idin
2017-11-23 14:40:42
jaazira13,башындале теманы ачык айтып тушундурсо маселе болбойт эле, туура табиятты сакташыбыз керек, бирок ондурушта керек. аны коюп колдун жээгине пансионаттар жугундуларын тогушот, ошол маселени чечиш керек
0
TalaCSKA
2017-11-22 12:23:58
Маселе именно Кумтор монгулорду ээритип жатат дегенде эмес.мурда суу кодексинде болгон чектоолорго такап Кумторду мамлекеттин эсебине кобурок каражат болууго мажубурлоо болчу.эми эч нерсе кыла албайсын.ушул окумуштуулар тажатты Эл деле жинди эмес монгулор климаттын озгорушунон ээрип жатканын баары билет.тим эле адамды жинди ойлоп уйротушотко нервке тийип.
+1
Belekus
2017-11-22 21:35:50
TalaCSKA,аны силер тушуносунор, бирок билген нпошниктер кыйкырып элди дуулатып ататко
+1
almanbetperm
2017-11-22 14:23:52
Монгулордун негизги коркунучу ким эле жанагы зилалаев беле атын кургур
+3
dysha
2017-11-22 21:26:06
негизи айтылган эки монгу ошол жердин 1%ны жетпейт, бирок госдептин куйруктары ажиотаж которуп ит эле кылып атат
+3
islamik
2017-11-23 09:53:42
Жер мн кошо жаралып кылымдар бою озгорбой келген монгулор ушул окумуштуу чыккандан кийин азайып кетет бекен. Окумуштуусун депкойсо эле озун умный сезе берет окшойт. Туштуктогу монгулор эч азайбай эле турат.
+2
admin_superstan
2017-11-23 09:57:08
Nibiru., ali88, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
Belekus
2017-11-27 22:19:01
негизи айтылган эки монгу ошол жердеги монгулордун 0,3% жетпейт, иш токтогондо алар кайрале оз калыбына келет, ошону эске алышыбыз керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан