ЖЫЛНААМА, 22-НОЯБРЬ: Эриндери эркектерди гана эмес, кыздарды да суктандырган америкалык актриса Скарлетт Йоханссон 33 жашка толду

Скарлетт Йоханссон - америкалык актриса жана ырчы. Көпчүлүккө "Хичкок", "Темир киши 2", "Которуунун кыйынчылыктары" тасмасындагы Шарлоттанын ролу аркылуу кеңири таанымал. Актриса бүгүн, 22-ноябрда 33 жашка толду. Мындан улам ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

  • Скарлетт Йоханссон 1984-жылы 22-ноябрда Нью-Йоркто туулган. Өзүнөн 3 мүнөт эрте туулган Хантер Эгизи мененаттуу эгизи бар;
  • 15 жашынан тарта тамеки чегет жана бул адатынан арыла албай келет;
  • "Үйдө жалгыз 3" тасмасынын эпизоддук ролунда Молли аттуу кыздын ролун аткарган;
  • 20 жаштагы туулган күнүн Диснейлендде, 21 жашын стриптиз барда өткөргөн;
  • Канадалык актёр Райан Рейнольдско турмушка чыккан. Бирок 2 жылдан соң ажырашып кетишкен. Андан соң франциялык журналист Ромен Дориак экөө баш кошуп, 1 кыздуу болгон соң эки башка жолду тандашкан;
  • Жөргөмүштөн аябай коркот;
  • Кокустуктун алдын алып сумкасына дары-дармектин түрүн салып жүрөт;
  • Актрисанын эриндери эркектерди гана эмес, кыздарды да суктандырып келет. Мисалы, ырчы Кэти Перри журналдардын биринен Йоханссондун эриндерин көрүп, эргүү алганын айтып келет. Анын 2008-жылы чыккан "I kissed a girl" ыры да дал ушул эргүүдөн соң жаралган. "Мен анын эриндерин көргөндө өөп алгым келген" деген ырчы бул тууралуу.

22-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
islamik
2017-11-22 17:29:53
Лизби неме окшойт опкусу келген. Т Ф У
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан