Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев маданият тармагына эмгеги сиңген кыргыз атактууларынан сырткары коңшулаш мамлекеттердеги белгилүү инсандарды да сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Мындай маалыматты мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттер аралык достукту чыңдоого жана чыгармачылыкты өркүндөтүүгө кошкон салымдары үчүн Эл аралык КВН союзунун президенти Александр Масляков жана өзбек ырчысы, "Ялла" тобунун негиздөөчүсү Фаррух Закиров "Достук" ордени менен сыйланышкан.
Андан сырткары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жана достуктун калыптанышына кошкон салымы үчүн "Данакер" ордени, Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.