Ырчы Малика Дина талкуу жараткан бийи тууралуу SUPER.KG порталына комментарий берди.
Буга чейин ырчынын Маскат Довранов менен Сайкал Садыбакасованын үйлөнүү тоюнда бийлегени интернетке тарап, колдонуучулар арасында кызуу талкуу жараткан. Ырчынын берилүү менен бийлеген видеосун көргөндөрдүн айрымдары: "Жаштар тойдун көркү, алар тойго шаң кошот. Маликанын бийи өзгөчө жана бул чектен ашкандык эмес" деген маанидеги пикирлерин жазган. Бирок арасында аны сынга алып, салмактуураак болууга чакырган билдирүүлөр да бар.
"Малика Дина тойдо жамбашына чаптырып бийлептир" деген кептер тараганына кол шилтеп коё албаган ырчы айым айтылган сөздөр чындыкка жатпай турганын билдирди.
"Тойдо жаштар арасында бий боюнча жарыш болгон, жеңиш үчүн баарыбыз аракет кылып бийледик. Андан эч кандай жаман нерсени көргөн жокмун", - деген Маликанын бийи тууралуу айтканын толугу менен угуу үчүн шилтеме аркылуу "Супер ТВ" бөлүмүнө кириңиз.