"Супер хит" сынагына Асел Кадырбекованын "Жаныңда болсом дейм" аттуу ырынын клиби кошулду (апта жыйынтыгы)

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар бир жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видекомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул жума ичинде "Супер хитке" ырчы бийкеч Асел Кадырбекованын "Жаныңда болсом дейм" аталышындагы ырынын клиби кошулду. Кадырбекова ыр жана клип тууралуу буларга токтолду: "Бул клипти сентябрь айында жаратылышы кереметтүү Арстанбап жергесинде тартканбыз. Клиптин идеясы мага таандык, клипмейкер Эрнис Сыдыков тартып, айрым жерлерине өзгөртүү киргизди. Клипке тартуу үчүн каармандарды көпкө издедим. Тандалган актёрлор ролдорун мыкты аткарды деп ойлойм. Клипти тартуу иштери 3 күнгө созулган. Мен негизинен сүйүүдө жан дүйнөнүн тазалыгы башкы орунда турарын берейин дегем", - деди ырчы.

15-НОЯБРДАН 22-НОЯБРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Айгерим Расул кызынын аткаруусундагы "Өзүң эле" клиби апта аралыгында эң аз добуш топтогондугуна байланыштуу "Супер хиттен" четтетилди.

9-орун - Нурсултан Азыкбаевдин "Эне жүрөгү" ыры. Чыгармачыл үй-бөлөдөн чыккан ырчы мырзанын бул клиби добуштардын саны боюнча башкаларды алдыга чыгарып жиберген.

8-орунга Анжеликанын "Где ты, где я?" аттуу ыры ээ болду. Ал өткөн аптадагыга караганда аз добуш алып, 4 тепкичке төмөн түштү.

7-орун. Жакут Сыдыков менен Гүлсүн Бостонкулованын тамашалуу "Бассам, турсам" аттуу видеокомпозициясы өткөн жумада да "Супер хиттин" ушундай рейтингине ээ болгон.

6-орунга болсо Асеманын "Жашоо - бакыт" клиби ээ болду. Өткөн аптанын жыйынтыгы боюнча ырчы айымдын бул чыгармасы 5-орунда турган.

5-орунда - Тотомидин Жолдошевдин "Ошко" клиби. Сиздердин берген добуштарыңыз "Ошко" аттуу клипти 9-орундан 4 тепкичке жогору көтөргөн.

4-орун. Жакшы тилектерди билдирген "Болсочу" видеокомпозициясы бул аптадагы рейтингдин 4-орунун ээледи. Аны Гүлнур Сатылганова менен Адилет Азимов аткарат.

3-орун. "Ата-эне" темасындагы ыр көпчүлүктү кайдыгер калтырбай тургандыгын колдонуучулар дагы бир жолу далилдеди. Айжамал Кабылованын "Ата-эне" деп аталган клиби алдынкы үчтүккө кирди.

2-орун. Ырчы Нурмат Садыровдун кыздардын сулуулугун даңазалаган "Кыргыз кыздары" аттуу клиби бул ирет да алдынкы орунда.

1-орун. Өткөн жумада "Супер хит" сынагына жаңы кошулган "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби сиздердин эң көп добушуңуздарга ээ болуп, 1-орунга чыкты.

Сүйүктүү композицияңызды алдыңкы орунга чыгаруу сиздин колуңузда. Ал үчүн бул шилтеме менен "Супер-хиттин" добуш берүү бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан