Мирбек Атабеков: "Кыздуу болсом деген тилегим бар, учурда экинчи наристебизди күтүп жатабыз"

Бир нече мүнөттөрдөн соң эстрада жылдызы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат.

Ал бир кезде "Сени гана" деген ыры менен сахна босогосун аттап, тубаса таланты, талыкпаган эмгеги жана өз ишин мыкты билген продюсеринин жардамы менен бир канча хит ырларды жаратып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен 3 жолу "Жылдын супер ырчы мырзасы" аталып, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамына татып, 30 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон Кыргыздын мега жылдызына бере турган суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатып калыңыз.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолорго түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

15:00 Мирбек Атабековдун түз эфирдеги маеги башталып, ырчы алып баруучулар даярдаган ойготкуч суроолорго жооп берүүдө.

15:05 "Көп ойлонгон адамдардын катарына кирем. Кээде ойлонуп жатып, жанымда сүйлөп жаткан кишинин сүйлөгөнүн укпай калам", - дейт ырчы.

15:10 Окурмандын "Сизди "Style Mix" тобунун ырчыларынын өкүл атасы экениңизди билебиз. Жакында аларга батир алып берет деген кептер тарады эле, чынбы?" деген суроосуна "Мындай сөз болгон эмес. Бирок жакшы идея экен. Келечекте мындай мүмкүнчүлүктөр болоруна ишенем", - деп жооп берди.

15:13 Суроо: "Жубайыңыздын камыр жайып жаткан сүрөтүн интернетке жүктөдүңүз эле. Азыр деле камыр жайып, тамак жасап береби?"

"Азыр көбүнчө ден соолукка пайдалуу тамактарды жеп калдык. Камыр деле жайып турат. Мен жубайымдын бүт тамагын жакшы көрөм, себеби аны сүйөм. Бирок чындап кандай жасай турганын билүү үчүн апамдан сураш керек", - дейт ырчы.

15:19 "Учурда жубайым экөөбүз наристе күтүп жатабыз. Мурда уулдуу болууну кыялданчумун. Бирок эркек балдар апасына жакын болушат экен. Мындан улам кыз төрөлсө деп жатам. Себеби кыздар атага жакын, күйүмдүү болушат. Аны досторумдун кыздарынан эле байкайм", - дейт ырчы.

15:22 Окурмандын "Мурунку продюсериңиз Канат Култаев менен иштөө оңойбу же азыркы менеджериңиз жана жубайыңыз Мээрим мененби?" деген суроосуна "Жубайым мага жардам берет, бирок менеджерим эмес. Анын өз иштери бар, менин чыгармачылыгыма кийлигишкенге убактысы жок. Канат байке менен Мээримди салыштырып жатканына таң калып жатам. Мен продюсерим менен 11 жыл чогуу иштешип, шоу-бизнесте рекорд койдум. Канат байке азыр да жардамын аябайт", - деп жооп берди.

15:25 Ырчы "Сени гана" деген аталыштагы ырын жандуу үн менен аткарып берди.

15:27 Суроо: "Кайын журтка жылдыз күйөө баласыңбы же жөнөкөйбү?"

"Аны кайын журттан сураш керек го. Негизи башкаларга салыштырмалуу бир аз аяп турганы байкалат. Оор жумуштарды да жасатышпайт", - дейт ырчы.

15:32 Суроо: "Жубайыңыз менен ырчы Омар аркылуу таанышкан деп укканбыз, чынбы?"

"Жок, мен Мээрим менен таанышкан кезде Омарды таанычу эмесмин. Анда ал ырчы катары тааныла элек эле", - деп жооп берди.

15:35 "Азыркы учурда жакшы чыгарма даярдап жатам. Бул ыр сиздер үчүн абдан кызыктуу болот деп үмүттөнөм. Ошондой эле дуэт чыгармаларды да чыгаруу алдында турам", - дейт ырчы.

15:44 "Сахнага жаңы чыгып келе жаткан кезде бир концерт берсем ошо менен бүттү, чыгармачылыгым токтойт. Көп болсо 5 жыл ырдасам, ошол жетет деп ойлочумун. Көрсө, мен чыгармачылыкка байланып калыптырмын. Бул кесип мени түбөлүккө арбап алыптыр", - дейт ырчы.

15:46 "Омар жакын досум. Анын күйөрмандары таарынбасын, буюрса, 2-декабрда үйлөнөт", - дейт ырчы.

15:52 Ырчы алып баруучулар даярдаган оюнга активдүү катышты.

15:53 Суроо: "Жубайыңыз төрөгөн соң бир аз толуп алган. Арыкта деп урушпайсызбы?"

"Ал кандай болбосун сүйө берем. Жубайымдын келбетине карап эмес, мүнөзүн, жан дүйнөсүн жактыргам", - дейт ырчы.

15:55 "Уулуңуз ырдап чыгам десе каршы болбойсузбу" деген суроого, "Жок, тескерисинче балдарымдын ырчы болушун каалайм. Жок эле дегенде ырдап чыгышса, мен ушул жааттан өз кеңешимди берсем деп кыялданам", - деп жооп берди.

15:58 Окурмандын суранычы менен "Жаным" деген ырын аткарып берди.

16:00 Суроо: "Кыялданасызбы жана кыялдарыңыз орундалабы?"

"Албетте, кыялданам. Кыялсыз ыр да чыкпайт, андыктан кыялданыш керек. Кыялдар орундалат", - дейт ырчы.

16:02 "Аял киши эркекке караганда ийкемдүү, акылдуу болуш керек. Эркек от болуп күйүп турса, аял шамал болуп отту күчөтпөстөн, суу болуп отту өчүрүп туруш керек. Биздин үй-бүлөдө ушундай. Жубайым ийкемдүү, талашып-тартышканды жактырбайт", - дейт Атабеков.

16:06 "Адамдан да эргүү алса болоруна ишенем. Мисалы, мен Нурак Абдырахманов менен алгачкы ирет таанышып, жолукканда ал адамдан кадимкидей энергия алгам. Ал сезимдер азыркыга чейин эсимде", - дейт ырчы.

16:08 Мирбек Атабековдун түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.


кошулду
Мирбек Атабеков: "Учурда экинчи наристебизди күтүп жатабыз"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Nursing
2017-11-22 14:59:26
Салам,супер kg Жана урматтуу Мирбек,Голландиядан салам,Мирбек байке менин голландиялык досторум сиздин 'Жаным'деген ырынызды аябай жакшы корушот жана аябай суйунуп угушат мен дагы жакшы кором ушул ырды,бугун ырдап беруунузду суранам)) Досторума корсотойун 'Жаным' жандуу ун менен ырдаганынызды,мен Жана алар бактылуу болмокбуз,чон рахмат баардыныздарга ийгилик!!!
0
Medinaa
2017-11-22 15:00:17
Башталдыбы?Саламатсызбы кыргыздын vip ырчысы.)Эки дүйнө бактысын каалайм!Алдыңкы пландарыңыз кандай,чыгармачылыкта?
0
Too-tash
2017-11-22 15:21:22
Менден бир суроо: шайлоодо Бабановду коштоп ырдап журдун, эми Бабанов олкодон качкан сон эмнеге анын ырчы-чоорчу, айланасындагы Арзыматтары Бабановдун артынан кетпейт?!!
-7
beka1207
2017-11-22 16:07:46
Too-tash,Акаев Бакиевди жандап жургон ырчы чоорчулар ошолордун аркасынан кетти беле?
Менимче булар жөнгана акчанын негизинде ырдап беришет жана саясий кызыкчылыктары жок!
+2
asil-08
2017-11-22 17:30:38
beka1207,плюс басайын деген минус басылып кетти эң туура айтасың.
+1
Aman_Mansurov
2017-11-22 16:16:52
Too-tash,А эмнеге кетиши керек? Бабановту колдоп ырдаган кылмышпы?
+7
nargiz-sa
2017-11-22 17:31:48
Too-tash,Ырчы мн элчиге олум жок деген кеп бар кыргызда. Кайсы бир саясатчыны колдоп койгону учун анын артынан кошо о кетиш керекби. Кимди колдоп чыгат ал озунун жеке иши, жарандык укугу. Мынчалык карангылыкка ("тупизм") барбаш кк. Ырчылар элдик адамдар. Ошол саясатчыларга караганда булар элге кобуроок керектуу.
+3
kilim
2017-11-22 15:21:59
Мирбек байке сураныч Айдана жонундо ыр жазынызчы суранам? Чоон рахмат.
0
Aigerim.95
2017-11-22 15:40:49
Апанызга берген эн комбат белегиниз??? Суйууго аныктама бере аласызбы???бере кетинизчи???????рахмат.
0
aika1983
2017-11-22 16:04:22
Мирбек сага албан албан ийгиликтерди каалайм. эч качан чыгармачылыктан алыстаба. Сени ушундай мыкты тарбиялап чонойткон Ата-Энене абдан чон ыраазычылык билдирем. Жубайын экоонор бактылуу болгула. Анан да сага айтоор сунушум кобунчо элдик унутта калган ырларды кобуроок ырдап чыксан. Сени урматтап Айка.
+2
aika1983
2017-11-22 16:05:18
Туштук жака чакырууларга канчага келесин эгер сыр болбосо. Алдын ала Рахмат. Сага Ийгилик.
0
bekub1473kg
2017-11-22 19:11:13
Бактыгул бадиева келсин ага беретурган суроом бареле
+1
Uzakova.Z.A
2017-11-23 12:11:05
Жаны ырдап чыкканда укмуш суйгом ушуну суроттору дагы деле бар. Концерттерине калбай барчум гул берип жакындан короюн деп кыялданчум бирок дайым гул ала албай калчумун ошентип гул бере албай калгам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан