Польшанын Быдгощ шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунда 66 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Кыргыз балбаны Бек Кунурбаев алгачкы беттешинде франциялык Рачия Малхасяны 3:1 эсебинде жеңип, жарым чейрек финалга өттү. Эми жарым чейрек финалда Бек Кунурбаев ирандык Амир Явар менен беттешет.
Эске салсак, буга чейин 75 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эсен Асанов Дүйнө чемпиондугунун коло медалын тагынган.