"Forbes" журналы эң көп киреше тапкан моделдерди аныктады

Жыл аяктап бара жаткандан бери "Forbes" журналы жылдын эң көп киреше тапкан белгилүүлөрүн аныктоо менен убара. Буга чейин жылдын эң көп каражат тапкан айымдары, мырзалары, 30 жашка чейинки атактуулар жана башкаларды аныкташса, эми дүйнөдөгү атактуу моделдердин 1 жылдык кирешелерин жарыялашкан.

Анда моделдердин 2016-жылдын июнь айынан тарта, ушул жылдын июнь айына чейин тапкан каражаттары эсептелген. Эң бай модель катары саналып, тизмеден 1-орунду алган 22 жаштагы Кендалл Женнер. Анын кирешеси 22 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2-орунду бразилиялык модель Жизель Бундхен 17,5 миллион доллар менен ээлесе, 3-орунду 13,5 миллион доллар менен америкалык модель Крисси Тейген багындырган.

Ошондой эле алдынкы ондукка Андриана Лима, Жижи Хадид, Рози Уайтли, Карли Клосс, Лю Вэнь, Белла Хадид жана Эшли Грэм илинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан