Жаш актриса жана алып баруучу Рахат Божокоевага жолдошу унаа белек кылды. Бул тууралуу ал өзү интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу сүйүнчүлөгөн.
"Дагы бир айдоочу катарга кошулду. Рахмат, жолдошум" деп жазган ал.
Белгилүү болгондой, актрисанын жолдошу ага Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаа тартуулаган.
Эске салсак, Рахат Божокоева ушул жылдын 27-октябрында Асылбек аттуу мырзага турмушка чыккан.