22синен 23-ноябрга караган түнү Европадагы эң ири клубдар аралык ири мелдеш – Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 5-турунда оюндар өттү. Анда "А", "В", "С" жана "D" тайпаларындагы командалардын беттеши орун алды.
"А" тайпасы
"Базель" (Швейцария) - "Манчестер Юнайтед" (Англия) - 1:0
Базель шаарындагы "Санкт-Якоб Парк" стадионунда орун алган беттеш 1:0 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Бул беттеште оюндун тагдырын Михаэль Лангдын жалгыз голу чечти. Ал 89-мүнөттө дарбазаны көздөй узатылган чыгарып берүүгө биринчи жетип таамай сокку менен гол киргизди.
Бул жеңиш менен "Базель" жалпы 9 упай топтоп 2-орунда жайгашты. Ал эми алгачкы жолу жеңилүү ызасын тарткан "Манчестер Юнайтед" 12 упай менен 1-орунда жайгашууда.
"ЦСКА" (Орусия) - "Бенфика" (Португалия) - 2:0
Орусиялык команда өз талаасында португалиялык "Бенфиканы" кабыл алып, атаандашына мүмкүнчүлүк берген жок. Эсеп саны 13-мүнөттө ачылды. Анда "ЦСКАнын" коргоочусу Грегорий Щенников чабуулга чыгып дарбазачы менен бетме-бет чыгып таамай сокку узатып эсеп санын 1:0 кылды. 56-мүнөттө эсеп саны 2:0гө айланды. Анда орусиялык команда чабуулга чыгып, Витиньонун узаткан соккусу атаандашынын коргоочусуна тийип өтүп автогол кирип кетти.
Муну менен орусиялык команда 5 турдун жыйынтыгы менен 9 упай топтоп "А" тайпасында 3-орунда жайгашты. Ал эми португалиялык "Бенфика" 0 упай менен акыркы орунда жайгашууда.
"В" тайпасы
"ПСЖ" (Франция) - "Селтик" (Шотландия) - 7:1
"Парк де Пренс" стадионунда орун алган беттеш талаа ээлеринин жеңиши менен ири, 7:1 эсебинде аяктады. Эсеп саны 1-мүнөттө ачылды, анда "Селтик" командасы бурчтан топ чыгарганга мүмкүнчүлүк алды. Оливье Нтшамдын чыгарып берүүсүн Мусса Дембеле ийгиликтүү жыйынтыктап, таамай сокку менен эсеп санын 0:1 кылды. Буга жооп катары калган 89 мүнөттүн ичинде "ПСЖ" командасы 7 гол киргизди. Анда Неймар менен Кавани 2ден гол киргизсе, Мбаппе, Вератти жана Дани Алвес 1ден гол киргизишти.
Бул жыйынтык менен "ПСЖ" 5 оюндун ичинде 1 да жолу жеңилүү ызасын тартпастан, 15 упай менен 1-орунда жайгашууда. Айта кетсек, франциялык команда буга чейин эле плей-офф баскычына жолдомону камсыздаган. Ал эми "Селтик" жалпы 3 упай топтоп 3-орунда келе жатат.
"Андерлехт" (Бельгия) - "Бавария" (Германия) - 1:2
Брюссель шаарында өткөн оюн 1:2 эсебинде аяктады. Анда эсеп санын 51-мүнөттө Роберт Левандовский ачты, ал Хамес Родригес жана Корентен Толиссо менен пасташып ачык дарбазага гол киргизди. Буга "Андерлехт" 63-мүнөттө Софьян Ханнинин голу менен жооп берди. Ал атаандашынын айып аянтчасында Лукаш Теодорчиктен берилген пасты алып, таамай сокку менен эсепти тең кылды. 77-мүнөттө Жошуа Киммих сол канаттан чабуулга чыгып айып аянтчага топту көтөрүп берди, аны Толиссо ийлигиктүү жыйынтыктап эсепти 1:2 кылып командасына жеңиш алып келди.
Муну менен плей-офф баскычында орун камсыздаган "Бавария" командасы 12 упайга ээ болуп "В" тайпасында 2-орунда жайгашты. Ал эми "Андерлехт" 0 упай менен 4-орунда.
"С" тайпасы
"Атлетико Мадрид" (Испания) - "Рома" (Италия) - 2:0
Мадрид шаарында орун алган беттеш талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Эсеп санын 69-мүнөттө Антуан Гризманн ачты. Ал Анхель Корреанын чыгарып берүүсүн мыкты жыйынтыктап, кооз гол менен эсепти 1:0 кылды. Арадан 15 мүнөт өтүп, алмашууга чыккан Кевин Гамейро дарбазачы менен бетме-бет кез келип ачык дарбазага таамай сокку тебүү менен эсепти 2:0 кылды. Буга "Романын" оюнчулары жооп бере алган жок.
Бул жеңиш менен "Атлетико Мадрид" командасы 6 упай топтоп 3-орунда жайгашууда. Ал эми "Рома" 8 упай менен 2-орунда жайгашты.
"Карабах" (Азербайжан) - "Челси" (Англия)- 0:4
Азербайжандын чемпиону өз талаасында "Челси" командасына ири эсепте жеңилүүгө аргасыз болду. Оюндун 21-мүнөтүндө "Челси" командасы пенальти аткарганга мүмкүнчүлүк алды. Аны Эден Азар мыкты аткарып эсеп санын ачты. 36-мүнөттө Виллиан Эден Азардан пас алып таамай сокку менен эсепти 0:2 кылды. 73-мүнөттө "Челсиге" кайрадан пенальти аткарууга мүмкүнчүлүк берилди. Анда Сеск Фабрегас таамай сокку менен дарбазачыга тосуу мүмкүнчүлүгүн бербей эсепти 0:3 кылды. 84-мүнөттө Виллиан орто бөлүктөн атаандаштарын алдап өтүп, алыскы аралыктан узаткан сокку менен гол киргизип эсепти 0:4 кылды.
Муну менен "Челси" 10 упайга ээ болуп тайпалык жадыбалда 1-орунда жайгашты. Ал эми "Карабах" командасы 2 упай топтоп 4-орунда жайгашууда.
“D” тайпасы
"Спортинг" (Португалия) - "Олимпиакос" (Греция) 3:1
Лиссабон шаарында өткөн беттеште 3:1 эсеби катталып "Спортинг" экинчи жолу жеңишке жетти. Эсеп саны 40-мүнөттө ачылды. Анда Бас Досттун таамай соккусу эсепти 1:0 кылды. Арадан 4 мүнөт өтпөй Спортинг кайрадан гол жаратты. Бул ирет Бруно Сезар 15 метр аралыктан сокку узатып гол киргизди. 66-мүнөттө "Спортинг" эсепти 3:0 кылды. Анда "Олимпиакостун" айып аянтчасына көтөрүлгөн топту Бас Дост жыйынтыктап, дагы бир гол киргизди. Буга "Олимпиакос" жоопту 86-мүнөттө бере алды. Анда Вадис Ожижа-Офоэ алыстан сокку узатып эсепти 3:1 кыла алды.
Муну менен "Спортинг" 7 упайга ээ болуп 3-орунда жайгашты, ал эми "Олимпиакос" 1 упай менен 4-орунда жайгашууда.
"Ювентус" (Италия) - "Барселона" (Испания) - 0:0
Турин шаарындагы Ювентус стадионунда орун алган беттеш 0:0 эсебинде аяктады. Анда эки команда тең коргонууда мыкты ойноп бири-бирине гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн берген жок.
Бул жыйынтык менен "Барселона" командасы 11 упай топтоп 1-орунда жайгашууда. Ал эми "Ювентус" 8 упай менен 2-орунда жайгашты.