КҮНСЕРЕП: Жан сакчыдан генералдыкка кадам - 6 жыл

Бүгүн - 23-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеӊеште “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов президент Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүүнү сунуштады. “Ата мекенчи” депутат азыркы президент түндүк-түштүк альтернативдик жолун, “Датка Кемин” жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчтөр чубалгысын курдурганын, биометрикалык шайлоо өткөргөнүн айтып, тарыхта калчу көп иштерди жасады деди.
Нышановду парламентке депутат кылып алып келген "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин күмөндүү айыптоонун негизинде камалышы да Атамбаевдин тушундагы тарыхта калар иштердин бири. Бул тууралуу эл өкүлү үн катпады. Мамлекеттик сыйлыктардын кадыры түшүп кеткени, тиешелүү мыйзамга көңүл бурулбай эле берилип жатканы акыркы жылдары абдан көп талкууга алынды. Быйыл 28-октябрда президент Алмазбек Атамбаев мурдагы жан сакчысы, азыркы ички иштер министри Улан Исраиловго "милициянын генерал-майору" наамын ыйгарган. Президенттик аппараттын мурдагы өкүлү, азыркы тапта УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге да "генерал-майор" аскердик наамы берилген. Кечээ, 22-ноябрда Атамбаев өзүнүн мурдагы дагы бир жан сакчысы, учурда УКМК төрагасынын орун басары болуп турган Болот Сүйүмбаевди да "генерал-майор" наамы менен сыйлады.
Өлкөдө 2016-жылы "Курманжан Датка" ордени түзүлүп, биринчи жолу бул сыйлык Германиянын канцлери Ангела Меркелге берилген эле. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага да бул сыйлык ыйгарылды. Такай бийликти колдогон Бакыт Бакетаев, Токтогул Какчекеев өӊдүү эксперттер "Даӊк" медалын тагынышты.
Президент кеӊешчилери Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмияновго эмнеден улам Манас орденин тапшырганы жөнүндө кенен түшүндүрмө берди. Икрам Илмиянов депутаттыктан да, кызматтан да баш тарткан жалгыз кыргыз болсо керек. Бирок билип коюшуңар керек, ал менде 18 жашынан бери иштеп келе жатат”, - деп, ушул күнгө чейин сатпаганын, Акаев доорунда өзү үчүн кыйноолорго туш болгонун эскерип өттү. Аягында “элде хан жакшы болсо, демек, вазир жакшы деген кеп бар. Анан кантип мен вазирлериме сыйлык бербей коймок элем? Туура түшүнгүлө”, - деди.
Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштеринде ырдаган ырчы-чоорчулардын арты Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, алды Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамдарын алышты. Атүгүл президент "мага 30 жыл чыдаганы үчүн" деп аялы Раиса Атамбаевага "Эрдик" медалын тапшырмак болгонунда жубайы араң бул оюнан кайтарганын айтты. Ушундай көрүнүштөн улам "Атамбаев өлкө үчүн эмгек кылгандар менен бийликке же КСДПга эмгеги сиӊгендерди алмаштырып алган жокпу?" деп суроо салгандар болду. Мамлекеттик сыйлыктар ажо айткандай "мага чыдаганы үчүн" же "оор күндөрдө менин жанымда болгону үчүн" деген тандоолор менен берилбөөгө тийиш эле...

Президент жолугушууларда сөзсүз Өмүрбек Бабановго ат коюп мазактоону адатка айлантты. 22-ноябрдагы сыйлык тапшыруу аземинде дагы "Мен БУУнун трибунасынан Казакстан тууралуу билдирүү кылбаганда, азыр өлкөнү "шестёрка" башкарып калмак" деди. Назарбаевден колдоо издегендер "шестёрка" болсо, Путинге кайра кайра барып колдоо издегендерди, Кытайдан, Америкадан, Европадан колдоо издегендерди да ушундай аташ керекпи деген суроо жаралат...

Премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раим Матраимовду кызматтан бошотту. Матраимов "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесине ылайык, "жасаган иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбегени үчүн" деп иштен алынды. Буга чейин жергиликтүү басма сөз каражаттары аталган чиновникти "Раим миллион" деген каймана ат менен белгилүү деп жазып келишкен. Артынан "бажыдагы контрабанданын "крышасы" деген көп сөз ээрчип, аны кызматтан бошотуу талаптары көп айтылганына карабай 2 жыл бою ордунан козголгон жок. Аны "жазалоого" мурдагы өкмөт башчылардын эрки жеткен эмес эле. Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалга да Казак тарап Бажы кызматындагы кыңыр иштерди күнөөлөп, өкмөткө “аткезчиликти тыйгыла” деген талапты коюуда. Өкмөт башчынын бул кадамы Бажы кызматындагы кыңыр иштерди жоюуга карата олуттуу кадам катары бааласа болот...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан