ЖЫЛНААМА, 23-НОЯБРЬ: Ырчы Гүлзат Байзакова 52 жашка толду

Бүгүн, 23-ноябрда белгилүү ырчы, аткаруучу Гүлзат Байзакова 52 жашка толду. Ырчыны куттуктоо максатында байланышып, анын бүгүнкү пландары тууралуу сурап өттүк.

"Мени куттуктап байланышка чыккандар көп болуп жатат, абдан кубанычтамын. Учурда апам, бир туугандарым менен бирге дасторкон үстүндө отурабыз. Кечинде элибиздин тойлоруна кызмат кылып, андан соң үй-бүлөбүз менен курсташым Максат Сабировдун жакшылыгына конокко барабыз. Туулган күнүм ошол жактан өтөт", - дейт ырчы.

Гүлзат Байзакова 1965-жылы 23-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияны аяктаган. "Камбаркан" ансамблинде иштеп жүрүп "Жалжалым", "Чагылган" деген ырларды ырдап чыккан. Андан соң Айбек Карымов менен аткарган "Дил кайрык" ыры аркылуу элге кеңири таанылган.

23-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан