Садык Шер-Нияз: "Айматовдун мекени болгон Кыргыз өлкөсүндө жазуучуларга бюджеттен бир тыйын бөлүнбөйт"

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз бюджеттен жазуучуларга акча бөлүнбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-ноябрда парламент жыйынында билдирди.

"Чыңгыз Айтматовдун мекени болгон Кыргыз мамлекетинде жазуучуларды карабай калдык", - деди депутат.

Ошону менен катар эле Садык-Шер-Нияз маданият, маалымат жана туризм министри алмаша берип, жакшы иш болбой жатканын белгиледи. "Жылына театрга 300-500 миллион сом бөлүнөт. Театрга келген көрүүчүлөр жок. Экономикалык жактан эсептеп көрүп, көрүүчүлөрдү тартуу керек", - деди Садык Шер-Нияз.

Премьер-министр Сапар Исаков айтылган сунуштардын бардыгы каралып чыга турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан