Кыргыз эстрада жана фольклорунун көрүнүктүү өкүлү, элүү жашында уулдуу болгон ырчы Кутман Жолдошев кичүү уулуна жентек той берди. Той кечээ, 22-ноябрда Бишкектеги ресторандардын биринде өттү деп билдирди ырчы порталга.
Ушул жылдын 7-июнь күнү Кутман Жолдошевдин жубайы 4-наристесин төрөп, ага Элхан деген ысым беришкен.
"Элхан 5 айлык болуп калды, өнөрү чыгып кубандырып жатат. Үй-бүлөбүзгө, уулума бата алуу үчүн жакшы ниет менен той бердик. Тойго өзүбүз катташып турган дос, туугандар, чыгармачылыктагы жакын адамдарыбыз келишип, батасын беришти. Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов баштаган көптөгөн маданият өкүлдөрү катышты. Жалал-Абаддан Гүлсүн Мамашева, Арзыбек Бедияров келди. Тойду жакшы өткөрүп алдык", - деди ырчы.
Октябрь айында 51 жашка толгон Кутман Жолдошев "Кутмандуу жерим", "Кантың бар", "Ушундай беле бешене?" жана башка белгилүү ырлардын аткаруучусу. Чыгармачылыкта 30 жылдан бери эмгектенип келет, учурда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти.