Эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков аталык милдетин аткарып 5 жаштагы уулу Чынтемирди сүннөткө отургузду. Бул тууралуу ал редакцияга кабарлады.
“Уулум Чынтемирди сүннөткө отургузуп, туугандарга үйдөн эле чакан той өткөрдүк. Сүннөткө отургузгандан кийин юбка кийгизип коюшат эмеспи. Чынтемир кызым Аруукенин күлгүн түстөгү юбкасын кийбей чанып “мага эркектердин юбкасын тигип бергиле, кыздардыкын кийбейм” дейт. Чоң апасы “мына эркектер ушундай юбка киет деп бир юбка тигип берген ошону кийип жүрөт. Юбканы чечсем эле тойдон түшкөн белектерин, велосипед, оюнчуктарын ойнойт элем деп күтүп жатат”, - деп билдирди ал.
Мирбек Иманбеков мындан 10-15 жыл мурун Кыргыз эстрадасына жарк этип кирип келген жаш муундун катарын толуктаган ырчы. Кезинде анын "Таластык кыз" аттуу ыры көпчүлүктүн сүйүп уккан ырына айланган. Андан кийин чыгармачылыкта жемиштүү эмгектенип, калың элдин катмарына таанылган.
Акыркы жылдары сахнадан көрүнбөй калган Иманбеков жай айларында "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде үйдүн кичүү уулу болгондугуна байланыштуу айылга көчүп кеткенин айткан. Ал ата-энесине татыктуу карылык тартуулоо үчүн алардын жанында болууну туура көргөн.