Бүгүн, 23-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэри болуп кайрадан Салайдин Авазов шайланды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге шаардык мэриядан кабарлашты.
Буга чейин мэрликке "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы тарабынан Майрамбек Адылбековдун, КСДП фракциясы тарабынан Салайдин Авазовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Бирок добуш берүү алдында Адылбеков өз талапкерлигин алып салганын жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы да Авазовду колдой турганын жарыялагандан кийин шаардык кеңештеги 31 депутаттын 30у Авазовдун талапкерлигин колдошту.
Шаардык кеңеште КСДП, "Ата-Журт", "Республика", "Мекеним Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары бар.
Авазов Жалал-Абад шаарын 2014-жылдын сентябрь айынан бери жетектеп келет.