24-ноябрда өлкө башчылыкка жаңы шайланган Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтүп, анда президент Алмазбек Атамбаев кызматын тапшырат. Мындан кийин ага экс-президент макамы берилет. SUPER.KG Атамбаев президенттик ыйгарым укуктарын тапшыргандан кийин ага мамлекет тарабынан кандай артыкчылыктар бериле тургандыгына кызыгып көрдү.
ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ - КОЛ ТИЙБЕС...
Мыйзамга ылайык, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон Атамбаевге Кыргыз өлкөсүнүн экс-президенти деген наам өмүрүнүн акырына чейин берилет. Анда көрсөтүлгөндөй, экс-президент кол тийбестик укугуна ээ. Бул артыкчылык Атамбаевди президент учурундагы жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчиликке тартылышынан, ошондой эле кармалышынан, камакка алынышынан, тинтүүгө, суракка алынуусунан сактайт. Ошол эле тапта Баш мыйзамдын 67-беренесине ылайык, президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Экс-президенттин кол тийбестик укугу ал ээлеген турак жайга, кызматтык бөлмөлөргө, пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да тийиштүү болот. Экс-президенттин ар-намысы жана аброю кол тийбестик жана мыйзам менен корголот.
ЖАШОО ЧӨЙРӨСҮ, ҮЙ-БҮЛӨСҮ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОРГОЛОТ...
Атамбаев өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. Экс-президенттин жубайына, багуусундагы жашы жетпеген балдарына акысыз медициналык тейлөө көрсөтүлөт.
Ошондой эле тиричилик жана транспорттук тейлөө жагынан мамлекет тарабынан камсыздалат. Ага мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Мындан тышкары ал мамлекеттик бийлик органдардын, уюмдардын байланыш жана башка кызматтарын акысыз жана кезексиз пайдалануу укугуна ээ болот.
УНАА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛАТ...
Экс-президент өлкө башчысынын бир айлык эмгек акысынын 75 пайыз өлчөмүндөгү акчаны өмүр бою ай сайын алып турат. Мисалы, Сооронбай Жээнбековдун айлыгы 100 миң сом болсо, демек, Алмазбек Атамбаевге мамлекет тарабынан 75 миң сом берилет. Эгер президенттин эмгек акысында өсүү болсо, анда экс-президенттин пенсиясы да жогорулатылат. Төмөндөсө, анда пенсия да ылдыйлайт.
Экс-президенттин көзү өткөн күндөн тартып, анын үй-бүлө мүчөлөрү өмүр бою кызматтык автотранспортту пайдаланышат жана мурда берилген медициналык тейлөө камсыздалат. Мындан тышкары үй-бүлө мүчөлөрүнө экс-президенттин көзү өткөн күнгө белгиленген пенсиянын алты эселенген эң аз өлчөмүнө барабар болгон суммада ай сайын жөлөк пул дайындалат.