Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Айта кетсек, Казаков аталган кызматка быйыл 20-январда дайындалган эле. Буга чейин ал Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеп келген.