Чубак Сатаевдин айкели тургузулду. Ачылышы келе жаткан жылдын жаз айларына белгиленген

Кыргыздын залкар ырчы, обончусу Чубак Сатаевдин айкели тургузулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын уулу, белгилүү ырчы Кубаныч Сатаев билдирди.

Маалым болгондой, эстеликтин ачылышы келе жаткан жылдын жаз айларына белгиленген.

"Учурда өзүбүз туулуп-өскөн Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында аталган айыл өкмөтүнүн сунушу менен атамдын эстелиги тургузулду. Буга чейин айылдагы клубдардын бирине да анын аты берилген. Жакынкы күндөрү ошол клубдун ичине сүрөттөрүн коюп, чакан музей ачууну пландап жатабыз. Андан сырткары мал союп, калың элди чакырып жогорку деңгээлде ачылышын өткөрсөк деген ниетибиз бар. Бирок ага бир аз убакыт керек болгондуктан, келе жаткан жылдын жаз айларында ишке ашат деп турабыз", - деди ырчы.

Белгилей кетсек, Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган. Анын “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары убагында хит болуп, азыркыга чейин популярдуулугун жогото элек. Ал 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Тактап айтканда, концерттен соң сахнанын артына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калган. Жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумган. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rajab
2017-11-23 16:02:51
Чубак Легенда ар дайым кыргыз элинин эсинде. азамат Кубаныч!
+2
grace
2017-11-23 16:11:41
Кут болсун!
+1
amin1986
2017-11-23 20:52:01
Бул айкелдин кимге кереги бар?андан коро ЧУБАК агабазга арнап сооптор жетип турсун деп пайдалуу иш кылса болмок,мисалы:жол салсын же отмок салсын"мост" атамдын аты унутулбасын десе отмоко Чубае отмогу же Чубак жолу деп койсо болмок,акчаны асманга чача бербей.
0
Jyrgal_msk
2017-11-25 15:18:27
Чокморовдун айкели окшошпой калган болчу.Эгер окшошпосо жасабай эле койгулачы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан