Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт 2016-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт берип жатат.
Жыйында депутат Камчыбек Жолдошбаев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын июнь-июль айларында өткөрүү боюнча сунушун айтты.
Премьер-министр Сапар Исаков билдиргендей, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аталган айларда өтө турган болсо коноктор мейманканаларга батпай калат.
"Көчмөндөр оюндарын июнь-июлда өткөрсөк келген коноктор мейманканаларга батпай калат. Мындайча айтканда, эл көбөйүп кетет. Сентябрда өткөрүп жаткандын бир себеби бар. Атайын туристтик сезонду узарталы деп ошондо өткөрүп жатабыз. Конокторду кабыл алган мейманканалар көбүрөөк иштеп алат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 25-августта, 1-сентябрда же 8-сентябрда өтүшү мүмкүн.