Рыскелди Момбеков: "Адамдын паспортунан автоунаанын паспорту кымбат болуп жатат"

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт 2016-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт берип жатат.

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков адамдын паспортунан автоунаанын паспорту кымбат болуп жатканын айтты.

"Мамлекеттик маанидеги документтер бар. Алардын тизмеси 350 анын 340ын менчик басмаканалар чыгарат. Буга чейин өлгөндөр менен төрөлгөндөргө гана документтерди өкмөттүк басмакана чыгарып келген. ID-card'дын баасы 196 сом, айдоочулук күбөлүктүн баасы 800 сом. Эмне үчүн 600 сомго кымбат? Дипломатиялык паспорт 213 сом болсо, техникалык паспорт 800 сом. Адамдын паспортунан автоунаанын паспорту кымбат болуп жатат. Өкмөт мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу боюнча мыйзам киргизиши керек. Эгерде документтерди өкмөттүк басмаканалар баса турган болсо жылына бюджетке 3 миллиард сом түшөт", - деди депутат.

Премьер-министр Сапар Исаков Момбеков туура маселе көтөрүп жатканын айтты. "Мен мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына сиз берген суроону бергем. Айдоочу күбөлүктү, техникалык паспортту жеке менчик инвесторлор чыгарат экен. Келишимге кол коюлган экен. Айла жок болуп жатат. Келишимди бузсак булар эл аралык сотко кайрылып, утуп алышы мүмкүн. Чыдап туралы 2018-жылдын аягында келишим бүтөт", - деди Сапар Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан