Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн 2016-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралып жатат.
Эркин депутат Жанар Акаев Кыргыз-Казак мамилесинин бузулушу өлкөнүн экономикасына кандай таасир эте турганын премьер-министр Сапар Исаковдон сурады.
Сапар Исаковдун айтымында, эки мамлекеттин мамилесинин бузулушу өлкөнүн экономикасына чоң таасир бербейт. "Болжол менен айта турган болсок, экономиканын өсүшү 1 пайызга төмөндөшү мүмкүн", - деди ал.
Ошону менен катар эле өкмөт башчы таза суу маселеси боюнча суроого жооп берди. "Жаңы доорго - кырк кадам" программасында калкты таза суу менен камсыз кылуу негизги долбоор. Таза суу менен камсыз кылууга басым жасайбыз", - деди өкмөт башчы.