Бишкек шаарындагы "Бета Сторес" соода борборунда 26-ноябрда мышыктардын көргөзмөсү өтөт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, көргөзмө "Мышыктар дүрбөлөң түшкөндө" деп аталып, анда бул жаныбарлардын породалары, аларга тигилген кийимдер көрсөтүлүп, көрүүчүлөр үчүн сынактар болот.
Көргөзмө мышыкты жакшы көргөн жарандардын "Кыргыз Фелинология" деп аталган клубу тарабынан уюштурулууда. Уюштуруучулар кенеси жок, жуунтулган жана эмделген мышыктардын ээлерин иш-чарага жаныбарын алып келүүгө чакырат.
Көргөзмөдөгү сынактын жеңүүчүлөрүн түрдүү байгелер күтөт.