O!TV тиркемесин телевизор көрбөйм дегендер да жүктөп алышат. Бул тиркеме популярдуу тиркемелердин катарына кирип калды – 250 миңден ашуун жүктөө чегинен мурда эле өтүп кеткен. А сиз кандай деп ойлойсуз? О! мобилдик операторунун менеджерлери бул суроого жооп беришти.
Анан дагы бул тиркеме – эфирди паузага коюу мүмкүнчүлүгүн берген “таймшифт” функциясы жок да, албетте, мыкты болмок эмес. Компаниянын адистери билдиргендей, тиркемени жаңы каналдар менен толуктоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат, пайдалануучулардын сурамдарына жараша O!TV тиркемесине талапка жооп берген жана популярдуу каналдарды кошуу боюнча мүмкүн болгон, кээде мүмкүн болбогон нерселерди да жасоого туура келип жатат. Жаңыланууларды байкап тургула демекчибиз. O!TV контентин көрүү үчүн – болгону интернетке кошулуу жана каналдардын керектүү топтому гана жетиштүү. Эгерде сизге 40 канал жетиштүү болсо, анда *750*1# буйрутмасы менен суткасына болгону 3 сомго “Базалык” топтомду кошуңуз. Көбүрөөк керекпи, суткасына болгону 5 сомго ичинде 100 каналы бар “Стандарт” топтомун тандаңыз, кошулуу үчүн буйрутма *750*2#. Каналдардын максималдуу саны суткасына 7 сомго “Премиум” топтому жеткиликтүү – *750*3# буйрутмасын терүү менен кошула турган 130 канал сиздин кызматыңызда болот.
www.otv.kg. сайтынан өтө көп берилүүчү суроолорго жоопторду таба аласыз жана кыска видео нускаманы көрө аласыз.
O!TV – жагымдуу телевизор көрүүлөр!