СУПЕРСТАН: "Латын арибине өтүү керекпи?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Латын арибине өтөлүбү?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Латын арибине өтүүнү туура деп эсептейм. Албетте, биз үчүн аябай эле ыңгайсыздыктар жаралат. Бирок келечек латын арибинде. 30-жылдары латын тамгалары менен эле сонун жазып келишкен кыргыз тилинде. Бардыгы келип каражат маселесине такалат".

"Улутту жоготуш үчүн анын тилин жоготуу керек. Эгерде ал колдон келбесе, азыркы муун пайдаланып жаткан жазуусун өзгөртүү зарыл. Мына ошондо ошол жазуудагы тарыхың болобу, улутка тиешелүү асыл-наркың болобу, улуттук баалуулуктарыңдан кийинки муун куру жалак калат. Анткени өзгөрүлүп, тактап айтканда, жерилип жаткан жазмаларыңдагы бардык асылдыктарды, жаңы алынган тамгага (жазууга) көчүрүп чыга албайсың. Маңкурттук мурункуңду унуттурса, анда жаңы жазууга өтсөң, даана маңкурт улутка айланарың шексиз".

"Кирилл тамгасын СССРдин курамына кирген башка улуттарды орусташтыруу үчүн киргизгендей сезилет. СССР талкаланса да курамындагы улуттарды орусташтыруу иши кандайдыр бир деңгээлде өз максатына жеткендей түрү бар. Муну азыркы кыргыз интеллигенциясы жана учурдагы кыргыз жаштары орус тилин модага айлантып жатканы далилдеп турат. Латын арибине өтө турган болсок, азыркы муунду болбосо да келечектеги муундун орусташуусун алдын алган болот элек".

"Кезегинде мусулманчылыктын таасири менен араб жазмасына өттүк. 18-кылымда Кокон хандыгынын учурунда фарсы тилин мода катары кабылдасак, кийин 1924-жылдан 1941-жылга чейин латын жазмасын өздөштүрдүк. Андан соң орус таасири менен орус тилине жана кирилл тамгасына өтө качтык. Ошентип өз нарк-насилибизди кол жоолук кылып келе жаткандыгыбыз эч кимге жашыруун деле эмес".

"Касым Тыныстанов кыргыздын биринчи алфавитин латын тамгалары менен жасаган. 1936-жылы Сталин көп кишини репрессия кылып, совет элине бирдей кирилл жазмасын киргизген. Биз көз каранды мамлекет болуп кайра кирилл тамгасына жабышып алганыбыз күлкүлүү окуя болуп жатпайбы. Мисалы, компьютердин клавиатурасына кириллдин 33 тамгасы батпай "ё" тамгасы эң четине коюп коюшкан. Биздин дагы 3 тамгабызды клавиатуранын кайсы жагына тыгабыз? Кыргыз тилине орустун "Ф", "Щ" "Ё" "Ю", "Ъ", "Ь", "Ц", "Я" тамгаларынын кереги жок, бирок эмне үчүн биз аларды дагы алфавитке кошконбуз?"

"Латын арибине өтүү үчүн аракет кылып көптөгөн убакытты текке кетирүүнүн кажети жок деп ойлойм. Бул үчүн жумшалган убакыттын башка тилде жазылган китептерди кыргыз тилине которуу үчүн жумшалганы артык".

"Латын арибине өтүү үчүн кеминде 25-30 жыл керек болот го".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнү акырындык менен латын арибине өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарган. Ал эми кечээ, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева коңшу өлкөлөр латын арибин колдонуп жатышканда, кыргыз эли да бул жөрөлгөдөн чочулабаш керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos77777
2017-11-23 18:37:50
Эч качан !!!! Отсок "Барсбек" кагандын убагындаагы, кол жазмага отуу керек!!!Болбосо казды тураап,буту болбош керек!!!
+4
Eksvp_1
2017-11-23 23:04:52
bosmos77777,Туура айтың!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан