Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт 2016-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт берип жатат. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган чоң долбоорлор тууралуу сурады.
Фонддун өкүлүнүн айтымында, эки жыл аралыгында 780 долбоор каржыланган. "Анын суммасы 254 миллион долларды түзөт. “Текстиль транс” фабрикасы, “Кошой” жана “Кайыңды-Кант” заводдору каржыланды", - деди фонддун өкүлү.
Исхак Масалиев: "Ошондо насыя байларга гана берилеби, карапайым элге берилбейби? Айрым жарандар күнөскана иштетейин десе берилбейби?" - деди.
Фонддун өкүлү билдиргендей, каражат тажрыйбалуу бизнесмендерге берилет. Ал чакан бизнестер үчүн өнөктөш банктар аркылуу микрокаржылоо программасы ишке киргизилгенин айтты.