Жумуш бөлмөдө спирт ичимдиктерин ичип, имараттагы башка жашоочуларга тынчтык бербеген Бишкек шаардык Архитектура башкармалыгынын кызматкерлерине чара көрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Ринат Шамсутдинов 23-ноябрда SUPER.KG'ге билдирди.
"Төрт кызматкер жумуштан бошотулса дагы 7 кызматкерге дисциплинардык чара көрүлдү. Жумуштан бошотулгандардын ичинен экөө арызды өз каалоолору менен жазып беришти", - деди Шамсутдинов.
Буга чейин Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан №197-үйдүн жашоочулары аталган кызматтын кызматкерлери жумуш убактылары бүткөндөн кийин иш бөлмөсүндө кече уюштуруп, ар дайым спирт ичимдиктерин ичип, жашоочуларга тынчтык бербей жатышканын айтып чыгышкан. Аталган башкармалыктын жеке турак жай жана жер тилкелери боюнча бөлүмүнүн кеңсеси №197-үйдүн биринчи кабатында жайгашкан.