Польшанын Румя шаарында 19-23-ноябрь аралыгында өткөн армрестлинг (кол күрөш) боюнча Дүйнө кубогунда Кыргыз спортчу Бактыбек Калиев 2 медаль жеңип алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мелдеш профессионалдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген профессионал спортчулар арасында өткөн. Кыргыз спортчусу Бактыбек Калиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында 65 килограмм салмак ченинде катышты. Жыйынтыгында Калиев оң колу менен жүргүзүлгөн кармашта 2-орунду ээлеп, сол колу жүргүзүлгөн кармашта 3-орунду ээледи. Муну менен Кыргыз спортчу 1 күмүш жана 1 коло медаль тагынды.