Бүгүн, 23-ноябрда Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Эске салсак, 17-ноябрда премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен Дүйшөнбек Зилалиев вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган. Анын ордуна Толкунбек Абдыгулов дайындалган. Ал эми буга чейин аталган фондду Болсунбек Казакбаев жетектеп келген.