Бүгүн, 23-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев мөңгүлөргө байланыштуу Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Бул мыйзам долбоору өкмөт тарабынан сунушталып, 2017-жылдын 16-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапкан. Мыйзам стратегиялык маанидеги "Кумтөр" кенинин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталып, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана тийиштүү", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоору жарандык активисттердин бир топ нааразычылыгын жараткан.