Фарид Ниязов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ниязов берген арызы боюнча кызматтан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Эске салсак, Фарид Ниязов аталган кызматка 2017-жылдын июнь айында дайындалган. Буга чейин бүгүн мамлекет башчынын дагы бир кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кызматтан кеткен.