Бүгүн, 23-ноябрда Ооганстандын Желалабад шаарындагы жанкечти террорчу уюштурган жардыруудан кеминде 6 адам өлгөндүгүн чет өлкөлүк басылмалар кабарлашты. Бул маалыматты аталган өлкөнүн Нангархар провинциясынын губернаторунун өкүлү Атаулла Хогияни да тастыктады.
“Жардыруу мурун райондук полициянын командири болуп иштеген адамдын үйүнүн жанында орун алган. Жардыруудан каза тапкандардан тышкары 8 адам жаракат алышкан. Азырынча бул жардырууну кайсы террордук топ уюштурганы белгисиз”, - деп ал азыркы тапта бийлик тарабынан иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалаган.