Футбол боюнча Бразилия курама командасынын жана “Милан”, “Реал Мадрид”, “Манчестер Сити” сыяктуу беделдүү футбол клубдарынын экс-чабуулчусу Робиньо Милан шаардык соту тарабынан 9 жылга соттолгонун кечээ, 23-ноябрда чет элдик маалымат булактары жазышты. Алардын маалыматы боюнча 33 жаштагы футболчу жана анын 5 досу 2013-жылдын 22-ноябрында Милан шаарындагы түнкү клубдардын биринен 22 жаштагы албаниялык кызды зордукташкан. Азыркы тапта Робиньо Бразилиядагы “Атлетико Минейро” клубунун оюнчусу болгондуктан өз мекенинде. Анын 5 шериги да ошондой эле жаза алышты. Футболчу өзүнүн карьерасында Бразилия курама командасы үчүн 99 гол киргизген жана 2 ирет Конфедерациялар кубогун, 1 ирет Америка кубогун жеңген. Ал эми “Милан” клубу менен 1 ирет Италиянын, “Реал Мадрид” клубу менен 2 ирет Испаниянын чемпиону болууга жетишкен.